Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын кыскача тарыхы.

— 1926 жылдын 11-октябрында ВКПб нын кыргыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмү тарабынан актерлорду даярдоо үчүн улуттук театр студиясын түзүү  жөнүндө  токтом кабыл алынып, 1926 жылдын 2- ноябрында театр студия болуп ачылган;

— 1926-1929-жылдары  театр  студия 15ке жакын спектаклдерди элге көрсөтүүгө  жетишкен. Алардын арасында  кыргыздын улуттук драматургиясынын башаты деп аталган  М. Токобаевдин  «Кайгылуу Какей» драмасы да бар;

— 1936-жылы жогорку квалификациялуу адистердин келиши менен  Кыргыз мамлекеттик театры- Кыргыз мамлекеттик музыкалуу драма театрына айланган;

— Кыргыз ССР Эл комиссарлар советинин 1941-жылдын 20-августундагы  №798 токтому боюнча Кыргыз мамлекеттик драма театры экиге бөлүнүп, мамлекеттик  опера жана балет театры  жана Кыргыз мамлекеттик драма театры болуп түзүлгөн;

— 1971- жылы Кыргыз драма театрына  “Академиялык” деген статус ыйгарылган;

— 1997-жылы 10-декабрда  театрга кыргыздын биринчи профессионал драматургу Т.Абдумомуновдун ысымы ыйгарылган;

— 2000-жылы 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен театрга “Улуттук” статусу берилген;

— Театрдан  М.Рыскулов,  Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева сындуу СССРдин эл артисттери, С.Күмүшалиева сындуу КРнын Баатыры  жана ондогон Кыргыз эл артисттери өсүп чыгышкан;

— Театрдын жамааты  бул аралыкта миңдеген театр күйөрмандарынын арзуусуна татып, көптөгөн  Эл аралык фестивалдарда татыктуу байгелерди багындырган.

— Бүгүнкү күндө театрда жалпысынан 196 кызматкер эмгектенет. Чыгармачыл топтун жалпы саны 80ден ашык өнөр ээлерин түзөт.

— Азыркы учурда театрдын репертуарында 40ка жакын бардык жанрды камтыган спектаклдер ойнолууда.