Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Кыргыз театр корифейи, залкар талант Муратбек Рыскулов 1909-жылы 23-ноябрда Жумгал районундагы Кайырма кыштагында туулган. Кыргыз театр маданиятынын тарыхындагы нукура таланты менен ысымы алтын тамгалар менен жазылып алган орошон талант Муратбек Рыскулов чыгармачылыкка алгач келгенде эле өзгөчө таланты менен башкалардан айырмаланып турган. Жаш таланттын балалыгы жетимчиликте өтүп, 16 жашында борбор калаага келип, театрда кара жумушчу болуп иштеп калат. Ошондо актерлордун бири келбей калып, болочоктогу актер «Ревизор» спектаклинде биринчи жолу чакан ролду аткарып, сахнага алгачкы кадамын таштаган. 1936-жылы Кыргыз музыкалык-драма театрында билим алып, театрда иштей баштайт. Ал сахнада кыргыз адабиятынын дөө-шааларынны чыгармаларын сахналаштырууда гана роль жаратпастан, дүйнөлук классикалык чыгармалардын да көркүн ачып, укмуштуудай образдарды жараткан. Залкар талант 1960-жылдары чакыруу менен Англияга барган. Дүйнө жүзүндөгү У.Шекспирдин чыгармаларындагы башкы каармандарды ойногон актерлор өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Анда Рыскулов Лирдин монологун кыргыз тилинде аткарып, чеберчилиги менен Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIни жана англиялык көрүүчүлөрдү таң калтырган. Бул окуя кыргыз маданиятынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып кала берди десек жаңылышпайбыз. Мындан сырткары У.Шекспирдин «Отеллосунан” Отеллонун, М.Горькийдин «Егор Булычев жана башкаларындагы» Егор Булычевдин, Б.Жакиевдин «Атанын тагдырынан» Акылбектин образдарын түзүп, миңдеген күйөрмандардын жүрөгунөн түнөк тапкан. Мындан сырткары театрдын сахнасында жүздөгөн кайталангыс образдарды жараткан.
Тартылган тасмалары: “Бакайдын жайыты”, “Ак мөөр”, “Тайгак кечүү”, “Караш-караш баяны” ж.б
Муратбек Рыскуловду дүйнө жүзүнө тааныткан жеке гана драматургия эмес кино экраны да болду. Республикада көркөм фильмдердин студиясы пайда боло электен алда канча мурда эле ал кыргыз актерлорунан биринчи болуп киного катышып, 1950-жылы «Алитет тоо таянды» кинофильминде Ашыктын образын ачык гротекс планда атайын апыртып берсе, «Алыскы тоолордогу» мыкаачы зулум Сарыгул байды омоктуу көргөзүп, «Тянь-Шань кызындагы» Ашырбай абышка үчүн илбериңки психологиялык белгилерди таба алган. Залкар талант кыргыз мүнөзүнүн аксакалдарынын эң сонун касиеттерин “Бакайдын жайыты” фильминдеги Бакайдын турпатынан көрсөтүп берген.
1967-жылы Муратбек Рыскуловго «Король Лир»спектаклинде Лирдин жана «Атанын тагдыры» спектаклинде Акылбектин ролдорун аткарууда жогорку чыгармачылык чеберчиликке жетишкендиги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген наам берилген. Таланттуу актердун чыгармачыл эмгегин жогору баалап,өкмөт Муратбек Рыскуловду Ленин ордени,башка эки орден жана медалдар менен сыйлаган. Муратбек Рыскулов тууралуу «Муке» аттуу фильм тартылган. Улуу актер Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп төрт жолу шайланып, узак убакыт Кыргыз театралдык коомун жетектеген. Залкар талант 1974-жылы 64 жаш курагында кан бысымынан улам борбор калаада көз жумган. Азыр актердун ысымын Нарын облустук музыкалык драма театры, борбор калаадагы бир көчө алып жүрөт