Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Назаркулова Анаркүл –КР эл артисти, Эл аралык М.Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты.
Назаркулова Анаркүл өзүнүн актердук эмгек жолун 1972-жылы Москвадагы Луначарский атындагы Бъткъл Союздук театралдык институтту бүтүрүп келгенден кийин жаңыдан уюшулган Ош областтык драма театрында иштөөдөн баштаган. Бул театрдан улуттук, дүйнөлүк, боордош элдердин драматургиясынын негизинде коюлган спектаклдерде түрдүү амплуадагы образдарды жаратып, көрүүчүлөргө жакты, өз көрөрмандарына ээ болду. Өзгөчө М.Горькийдин «Акыркыларында» Надежданын, «Түпкүрдөсүндө» Настянын, А.Чеховдун «Чайкасында» Полина Андрееванын, К.Гоццинин «Жашыл чымчыгында» Барбаринанын, Ж.Б.Мольердин «Мещанин во дворянствесинде» Никольдун, Н.Гогольдун «Ревизорунда» Мария Антоновнанын, А.Токомбаевдин «Күндүн чыгышында» Веранын, Б.Жакиевдин «Эртең Жаңы жылында» Тамаранын, Ч.Айтматов, К.Мухамеджановдун «Фудзиямада кадыр түнүндө» Гүлжандын, Ч.Айтматовдун «Ак кемесинде» Гүлжамалдын, М.Гапаровдун «Күнөстүү аралындагы» Жаңылдын, «Кадыр түнүндөгү» Карачачтын ж.б. таланттуу, урунттуу, жаркын образдарды жаратып областтагы белгилүү артисткалардын мыктысы катары таанылып, театр дүйнөсүндө өз ордун тапты.
1980-1990-жылдарда Ысык-Көл областтык драма театрында актердук эмгек жолун улантып, В.Шекспирдин «Ромео жана Жульеттасында» -Жульеттаны баккан аялдын, М.Байжиевдин «Биз эркектеринде» Врачтын, Анардын «Илинчегинде» Фарида ханумдун көп кырдуу, жөнөкөй, татаал образдарын түзүп, көлдүк көрүүчүлөрдүүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, таланты менен таанылды.
Көл театрында жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон мыкты образдары болуп К.Жантөшевдин «Курманбегиндеги» Айганыштын энесинин, Азис Несиндин «Пойдите сюда» спектаклиндеги Зананын, Разумовскаянын «Дорогая Елена Сергеевнасындагы» Елена Сергеевнанын, Б.Калчабаеванын «Мен сүйгөн обонундагы» Токтобүбүнүн, Т.Абдумомуновдун «Каркыранын канатындагы» Наргүлдън образдары эсептелет. Театр сүйүүчүлөрүнүн, сынчыларынын купулуна толуп, мактоого арзыган бул образдар актрисанын чыгармачылыгындагы этаптуу ролдордон болуп калаары шексиз.
З.Сооронбаеванын «Сынган мазарындагы» Ажардын ролу көрүнүктүү ролдордон болуп, М.Рыскулов атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.
Кыргыз Улуттук академиялык театрда иштеген кийинки ондон ашуун жылдын ичинде, актердук чеберчилигин арттырып, бир топ эсте калаарлык мыкты образдарды жаратты. Азыркы учурда жүрүп жаткан репертуардагы Ч.Айтматов, М.Шахановдун «Сократтын сүйүүсүндө» Сүйүүнүн, Ж.Садыковдун «Адам жана Азезилинде» Аялдын, Б.Жакиевдин «Жүрөлүчү жүрөк оорутпайындагы» Күлкүчү кемпирдин бири бирине окшобогон түркүн түстөгү, ар кыл образдары көрүүчүлөрдүн эсинен кетпей түйшөлтө турган образдар.
Кыргыз театралдык искусствосуна сиңирген көп жылдык эмгеги, жараткан мыкты образдары үчүн Анаркүл Назаркулова төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болгон;
Ош драма театрындагы ойногон ролдору:
Ысык-Көл драма театры:
Кыргыз Улуттук драма театрында ойногон ролдору: