Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 95-театр сезонунун Жалил Садыковдун ( “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде) «Төлгө» спектакли менен ачты.
Спектаклдин премьерасына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, жалпы кыргыз интеллигенциясы, коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана кеңири коомчулук катышты.
3 жылга жакын одоп-түздөө иштерине байланыштуу жабык турган театр эшигин кенен ачып, премьера өзгөчө овация менен өттү. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов куттуктоо сөзүн айтып спектаклдин жаратуучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен бирге, аталган спектакль улуттук жүзү болоруна, мектеп окуучуларынан тартып, ар бир кыргызмын деген, кыргыз үчүн күйгөн инсандардын бардыгы спектаклди сөзсүз көрүшү керек экенине токтолду.
Спектаклдин режиссеру Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
Назым Мендебаиров болду.