Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Токтоболот Абдумомунов
Кыргыз эл жазуучусу, драматург
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси
Токтоболот Абдумомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында жарык дүйнөгө келген.
1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенет.
1939-жылы КР мамлекеттик медициналык институтка өтүп, 3-курстан ден-соолугуна байланыштуу окуудан баш тартууга аргасыз болот. Ден -соолугуна байланыштуу согушка алынбай калган Абдумомунов 1941-жылдан 1959-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик басмасында, республикалык радиокомитетинде корректор, редактор, котормочу болуп иштеген. Ал арада Ошко барып облустук «Ленин жолу» газетасында кабарчы, Москвага барып, «СССР Жогорку Советинин ведомосттору» деген басылмада котормочу, «Советтик Кыргызстан» журналында (кийинки «Ала-Тоо») бөлүм башчы болуп, уламдан-улам кызматынан жогорулап отурган.
Анын 1947-жылы 6-апрелде Кыргыз драма театрында «Кумдуу чап» деген пьесасы коюлган, анда мунай издеген кенчи-геологдордун ишмердүүлүктөрү чагылдырылган. Ошол эле жылы Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Андан соң «Замандаштар» (1948), «Борбаш» (1949), «Курман» (1950), «Тар капчыгай» (1953), «Атабектин кызы» (1956) драмалары театрлар аркылуу элге көрсөтүлгөн соң, кыргыз маданиятына таланттуу драматург келгенинен кабар берди. Өзү театрга барып, пьесаларын окуп берип, режиссёрлор, актёрлор менен тыгыз иштешип, өнөрдүн бул түрүндө өтө жөндөмдүү экендигин көрсөтө алган.
Жазуучунун «Каркыралар кайтканда» (1965), «Сүйүү жана үмүт» (1966), «Бюро жүрүп жатат» (1968), «Жыгылган ооганга күлөт» (1968), «Ашырбай» (1980), «Жарыктык карыларым» (1980) ж.б. ондогон чыгармаларын жазып, алар театрларда коюлду. Булардан тышкары «Машырбек үйлөнөт», «Чолпонбай», «Карагул ботом», «Алдар көсө», «Жоробайдын жоруктары», “Абийир кечирбейт” ж.б. отуздан ашык пьесалары кыргыз драматургиясынын эң мыкты үлгүлөрү болуп кала берди. Анын калемине таандык “Абийир кечирбейт”, “Алдар көсө” спектаклдери Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын репертуарында азыркы күндө да ийгиликтүү ойнолууда. Ошондой эле жазуучунун 100 жылдыгына карата анын калемине таандык “Карагул ботом” спектакли сахналаштырылды.
Т.Абдумомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан болгон. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.
Жазуучунун көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдумомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган (1991-жыл).
1997-жылы 10-декабрда Кыргыз мамлекеттик драма театрына кыргыздын биринчи профессионал драматургу катары Т.Абдумомуновдун ысымы ыйгарылган.
Жазуучу 1989-жылы дүйнөдөн өткөн.