Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 2022-жылдын 16-апрелинде, кечки саат 18-30да Ф.Достоевскийдин «Мармеладовдор» спектаклинин премьерасы өтөт. Спектакль Ф.Достоевскийдин “Кылмыш жана жаза” романынын негизинде КР эмгек сиңирген артисти Ж.Көчөрбаева тарабынан кыргыз тилине которулуп, спектаклдин режиссеру Ш.Дыйканбаевдин инсценировкасы менен сахналаштырылды.
Спектаклдин режиссеру — Ш.Дыйканбаев
Сценография жана костюмдар боюнча сүрөтчүсү — С.Ниязакунов
Режиссердун ассистенти — А.Болорбек уулу
Режиссердун жардамчысы-А.Кыдыршаева
Катышуучулар жана ролдорду аткаруучулар:
Семён Захарович Мармеладов — Н.Салидинов, Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси
Катерина Ивановна Мармеладова — Ж.Көчөрбаева, КР эмгек сиңирген артисти
Соня Мармеладова — А.Мелисбекова
Мырза жигит- А.Болорбек уулу
Эркектердин жана аялдардын тобу — Б.Шаршенбаев, А.Качкынбаев, К.Атакан уулу, С.Тургунмамат уулу.