Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Түрк маданиятынын эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан 2022-жыл түрк тилдүү мамлекеттер арасында Кыргыз улуттук академиялык драма театры атын алып жүргөн Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата «Токтоболот Абдумомунов жылы» деп жарыяланды. Бул саамалык Түркия мамлекетинде салтанаттуу түрдө ачылаары күтүлүүдө. Аталган иш-чарага карата улуттук драма театр жазуучунун «Карагул ботом» спектаклин сахналаштырууда. Спектаклдин премьерасы июнь айынын аягында өтөт.
Токтоболот Абдумомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.
1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенет. 1939-жылы КР мамлекеттик медициналык институтка өтүп, 3-курстан оорусунун айынан аны таштоого мажбур болот. Студент кезинде эле Т.Абдумомуновдо театрга көп ирет барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат.
Чыгармачылыгы «Кумдуу чап»,»Курман» пьесалары менен башталат.
Т.Абдумомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.
Жазуучу чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.
Көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган (1991-жыл).
Т.Абдумомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.
Көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдумомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган (1991-жыл). Т.Абдымомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.