Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 2022-жылдын 23-июнунда Кыргыз эл жазуучусу, «Манас» орденинин кавалери, прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы Мар Байжиевдин “Кыз күйөө” спектакли ойнолот.
Спектакль өлбөй-өчпөй турган сүйүү темасын, инсандын эртеңкиге болгон үзүлбөгөн үмүтүн, пендечилик менен эки жаштын ортосуна коюлган отту, кайын эне менен келиндин ортосундагы мамилени, үй-бүлөдөгү турмуштун азабынан чыккан пикир келишпестиктерди чагылдырат. Спектакль театрдын репертуарында 1978-жылдан бери жүрөт.
Спектаклдин режиссеру — Б.Ибраев, КР эл артисти
Ролдордо:
Сот жана эне — Ж.Сыдыкбаева, КР эл артисти
Эркин — Ж.Сманов, С.Жумадылов атындагы сыйлыктын ээси
Гүлсүн — Г.Сатарова, Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси