Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-театр сезонун 2022-жылдын 6-сентябрында Ж.Садыковдун “Төлгө” спектакли менен ачат.
“Төлгө” спектакли улуу Манас темасын баяндап, жаш муундарды мекенчилдикке, кайраттуулукка, өз өлкөсүнүн тагдыры үчүн жан аябай кызмат кылууга үндөйт. Спектаклде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашайт экени, ошол рухтан кубат алган урпактарынын кимиси гана болбосун Ата-журт үчүн бел чечпей ак кызмат кылууга даяр экени чагылдырылат. Ошол себептен атасын билбей, бешикте кеткен Семетейди кыргыз эли дегдеп күтүп, анын ар бир кадамында атасынын ордун басаар уул болсун деп төлгө кылары, каралуу кеткен Каныкейдин аялдык ички трагедиясы, таянган тоосу кулагандан кийин бузукулуктун, көрө албастыктын курмандыгына айланган муң-зары, оор тагдырга туш болгонуна карабай, уулунун келечеги кыргыз элинин келечеги экендигин алдын ала сезип, уулу үчүн жан берүүдөн дагы кайра тарпастыгы кеңири баяндалат.
Спектаклдердин башталышы кечки саат 18-30. Билет баасы: 200-300 сом. Билеттер боюнча: (whatsapp) 0551401515, 0700801515 номурлары, коллективдик заявкалар боюнча (0707) 641-719 номурлары иштейт.