2022-жылдын 1-7-ноябрь күндөрү Алматы шаарында көрүнүктүү жазуучу жана драматург М.Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган Эл аралык театр фестивалы өтүүдө. Аталган фестивалга Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Ф.М.Достоевскийдин «Кылмыш жага жаза» романынын негизинде режиссер Ш.Дыйканбаев тарабынан сахналаштырылган «Мармеладовдор» спектакли менен катышууда.