Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн алкагында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры «Саманчынын жолу» спектаклин көрсөттү. Мындан сырткары ушул эле спектакль менен Казакстан Республикасында өтүп жаткан көрүнүктүү театр жана кино режиссеру, Казакстандын Эл Баатыры, СССРдин эл артисти жана СССР жана Казакстан Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты Азербайжан Мадиевич Мамбетовдун 90 жылдыгына арналган II Эл аралык «TEATRALL» театралдык фестивалына катышып, Гран-При — Баш байгени утуп алды. Спектаклдин режиссеру — КР эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев.