Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Кыргыз эл жазуучусу, драматург, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатыТ.Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата Кыргыз улуттук академиялык драма театры «Абдумомунов жумалыгын» өткөрдү. Жумалык 2022-жылдын 15-ноябрында «Абийир кечирбейт» спектакли менен ачылып, 2022-жылдын 18-ноябрында «Карагул ботом» спектакли менен жыйынтыкталды.
Жумалыктын алкагында Т.Абдумомуновдун элесине арналып чыгарылган «Кыргыз почтасынын» почта маркасына мөөр басуу салтанаты болуп өттү. Мөөр басууга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович, ТЮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Раев Султан Акимович, “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун директору Черикчиев Марат Жолдошбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Иманалиев Кайрат Олжобаевич, Т.Абдумомуновдун уулу Абдумомунов Исхак Токтоболотович катышты.
Жумалыктын алкагында «Карагул ботом» спектаклинин премьерасы болуп өттү. Мындан сырткары ТЮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Раев Султан Акимович бир катар өнөр ээлерине ТЮРКСОЙ эл аралык уюмунун сыйлыктарын тапшырды.
Алардын арасында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актер, актрисалары КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гүлайым Каниметова, КР эл артисти Чоро Думанаев, КР эмгек сиңирген артисти Шайымбек Кыдырмаев, КР эл артисти Сайра Мырсалиевалар да сыйланышты.