Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
2022-жылдын 22-23-24-ноябрында 18-30да режиссер Эркин Эгембердиев сахналаштырган М.Касеновдун “Алда жаш жубайлар, ай!” комедиясынын премьерасы болот.
М.Касеновдун “Алда жаш жубайлар, ай!” комедиясы үй-бүлөлүк баалуулуктарды баяндайт. Өзгөчө жаңыдан баш кошкон жаш жубайлардын ортосундагы майда-барат нерселерден улам чыккан талаш-тартыштарды, анын чечүү жолдорун кылдат түшүндүрөт. Автор аталган чыгармасы аркылуу эркек менен аялдын коомдогу ордун көрсөтүп эле тим болбостон, бири-бирине болгон кызганыч сезимдин жетээр чегинен ашпашы керектигин таамай көрсөткөн. Спектакль дал ушул кызганыч сезиминин чегин билүүгө үндөп, андан ашкан соң арты өкүнүчкө алып барарын таасын көрсөтөт.
Коюучу топ:
Режиссер — коюучу – Э.Эгембердиев
Сүрөтчү — коюучу – Ю.Нурмамбетов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Композитору – Ы.Усманов
Балетмейстер – Ж.Исакова
Режиссердун ассистенти – Ө.Израилов
Режиссердун жардамчысы – Д.Орозбекова
Катышуучулар жана аткаруучулар: