Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Бүгүн, 2022-жылдын 5-декабрында КР эл артисти, театр жана кино жылдызы, залкар талант, кыргыз кереметинин жаратуучуларынын бири Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси болуп өттү. Эскерүүгө КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Секимов Бактыбек Шайыкбекович, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти, КР эл жазуучусу Кулмаметов Жаныш Осмонович, Советбек Жумадыловдун уулу, небереси, залкар таланттын кесиптештери катышты.
С.Жумадылов Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында ондогон драмалык, трагедиялык жана комедиялык маанайдагы ролдорду эң жогорку артисттик чеберчилик менен аткарган, чыгармачылык диапозону өтө кеңири, кинодо да, театрда да кайталангыс образдарды жараткан залкар талант болгон. Ал кыргыз театр маданиятынын тарыхында, өнөр сүйгөн элинин жүрөгүндө Ашырбай («Ашырбай»), Войницкий («Ваня таеке»), Мырзакул («Бетме-Бет»), Чарын («Ак боз ат»), Маке чал («Алтын аяк»), Подколесин («Үйлөнүү»), Эзоб («Эзоп»), Доктор («Унутулган адам»), Отелло(«Отелло»), Омор Хаям (“Омор Хаямдын махабаты”), Ричард («Ричард III»), Эдигей («Кылым карыткан күн») сындуу жылт эткен образдары менен сакталып калды.Залкар талант 1932-жылдын 5-декабрында жарык дүйнөгө келип, 2001-жылы 24-мартта дүйнө салган.