Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
2022-жылдын 6-декабрынан тартып, 8-декабрына чейин Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Кыргыз ССРинин эл акыны, драматург, котормочу, Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдык жумалык болуп өттү.
Жумалык К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын Ж.Садыковдун калемине таандык «Манастын уулу Семетей» спектакли менен ачылып, «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын «Ак мөөр» спектакли менен уланды. 2022-жылдын 8-декабрында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Ж.Садыковдун калемине таандык «Төлгө» спектакли менен жыйынтыкталды.
Иш-чарага Жалил Садыковдун жубайы Сабира Чапаева, уулу Канат Садыков жана драматургдун жакындары, интеллигенция жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, УТРКнын жетекчиси Кайрат Иманалиев, Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мурунку төрайымы Чолпон Баековалар да катышып, сөз сүйлөштү.