Сарыбаев Камчыбек Төлөнович
Туулган күнү: 7 февраля 1978
Туулган жери: Ысык Көл областына караштуу Тоң районунун Ак-Сай айылында туулган.
Өмүр баяны
07.02.1978-жылы Ысык Көл областына караштуу Тоң районунун Ак-Сай айылында туулган. 1985-1995ж.ж. Ж.Турусбеков атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1993-1995ж.ж. Д.Асанов атындагы аскер лицейинде үйлөмө аспаптар оркестринде билим алган. 1995-1997ж.ж. Ж.Турусбеков атындагы орто мектепте кол эмгек сабагынын мугалими. 1997-2001ж.ж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алган. 2001-2002ж.ж. Шаршен Термечиков атындагы Чүй театрында иштеген. 2002-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма теарында артист болуп эмгектенип, мыкты ролдору менен таанылып келе жатат.
Алар: Ю.О.Нил «Дарак түбүндөгү махабат»-Симеон, Ж.Садыков «Адам жана Азезил» -Кабыл
Еврипид«Медея»-Креонт, Ж.Садыков «Ормон хан»-Жаманкара, Т.Касымбеков, К.Сактанов«Курманжан датка» -Молдо Казый, баш кесер, М.Тойбаев «Эрте эчкөн жылдыз»-Прокурор, Т.Абдумомунов «Алдар Көсөө» -Ниязгул бай, Б.Жакиев «Жолугушуу»-Бульдозерчи жигит, М.Абылкасымова,К.Иманалиев«Атаке баатыр» -Доргул, Б.Жакиев «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» - Дүлөй чал, М.Козукеев,Н.Мендебаиров «Кар киши» -Гном, А.Паронян «Багдасар аке»-Сот, Ч.Айтматов «Чынгызхандын ак булуту»-Жигит, Б.Калчабаева «Баяндуу махабат»-Кудайберди, Э.Ионеско «Макбет»-Барон Кандор,Офицер, Друце «Ыйыктын ыйыгы»-Секретарь, С.Шатманов «Ак боз ат” -Чарын, Т.Актанов «Жан азык»-Майрык, Н.Гоголь «Үйлөнүү»-Яичница, Н.Гоголь «Ревизор»-Ляпкин Тяпкин, Брехт «Өлөрман эне» -Симеон,А.Темирова “Улуу Бхаратанын урпактары” – Кол башчы , Ч.Айтматов «Кылым карытаар бир күн» - Тергөөчү, С.Ахмад “Күйөө бала” – күйөө бала, Т.Теменов “Алма багы” – Тракторист, Ш.Башбеков “Темир аял” - Кочкорбай К.Иманалиев “Керээз” – Балбай, А.Несин “Торостук зөөкүр” – Осмон., У.Шекспир “Макбет” – Кароолчу, А.Чехов “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” - Кувалдин, Очумелов, Т.Актанов “Тагай бий” – Байызбек баатыр. Театрда иштеген 21 жылдын ичинде көптөгөн мыкты ролдору менен таанылып келет. Мындан сырткары анын кино жаатындагы көптөгөн образдары көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап келе жатат.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү