27 Октября 2026 Новости

Кыргыз театрынын 100 жылдык мааракеси башталды

Кыргыз театрынын 100 жылдык мааракеси башталды

Кыргыз театрынын 100 жылдык мааракеси башталды

Кыргыз профессионал театрынын түптөлгөнүнүн 100 жылдык мааракеси салтанаттуу башталды.

Мааркенин алкагында Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри К. Кондучалованын жаркын элесине арналган ХIV республикалык театр фестивалы расмий түрдө старт алды.

Аталган саамалыкка республикадагы бардык маданий оюн-зоок мекемелери катышып, кызыл килемден өтүштү. Мааркенин алкагында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жалпы жамааты улуттук театрдын бир кылымдык тарыхын чагылдырып, 100 жылдыкты расмий түрдө баштап беришти.

Иш-чара Эргүү улуттук театр сыйлыгы менен коштолду. Улуттук театр бир катар сыйлыктарга ээ болуп, Ф. Зеллер, К. Акматов, М. Байжиев "Эне" спектакли "Мыкты спектакль" номинациясына ээ болду.

Бөлүшүү: