2026-жылдын 26–30-октябрь күндөрү кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналган XIV республикалык театр фестивалы болуп өттү.
Фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземи жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасы 2026-жылдын 30-октябрында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышты.
Фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышып, көрүүчүлөргө өздөрүнүн мыкты спектаклдерин тартуулашты. Беш күнгө созулган фестивалдын жыйынтыгында калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктап, ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктарды жана акчалай байгелерди тапшырды.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын «Атанын тагдыры» спектаклинин башкы каарманы Акылбектин образы үчүн КР эл артисти Темирлан Сманбеков "Эркектин образын эң мыкты жараткандыгы үчүн" сыйлыгына ээ болду.