18 Сентября 2026 Новости

Улуттук театр 100-театр сезонун ачат

Улуттук театр 100-театр сезонун ачат

Улуттук театр 100-театр сезонун ачат

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 100 жыл толду.

Театр 2026-жылдын 22-сентябрында саат 19:00дө 100-юбилейлик театр сезонун Ж. Садыков "Төлгө" (Манастын уулу Семетей) спектакли менен салтанаттуу түрдө ачат. Иш-чарага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, кыргыз маданиятынын чыгаан өкүлдөрү жана улуттук театр өнөрүнө өмүрүн арнаган залкар таланттар чакырылат.

Режиссер- Н.Мендебаиров, КР эмгек сиңирген артисти, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты

Композитор - М.Бегалиев, КР эл артисти

Сүрөтчүлөр - С.Ниязакунов, Ю.Нурматов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Костюм боюнча сүрөтчү - З.Му�

амбетова

Спец-эффект, дизайн жана анимация боюнча сүрөтчүсү – Т.Сманалиев

Балетмейстер – Е.Прокопенко

Режиссердун ассистенти – Д.Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

Режиссердун жардамчысы – Д.Орозбекова

Спектаклдин башкы консультанты - А.Акматалиев, филология илимдеринин доктору, академик

Консультанты - С.Көчөрбаев, КР эмгек сиңирген артисти, манасчы, манас изилдөөчү

Кыргыз элинин ру�

аний байлыктарынын туу чокусу — улуу «Манас» эпосу. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпостордун бири болгон, сейрек кездешкен поэтиканын үлгүлөрүн өзүнө камтыган «Манас» көркөмдүк кубаты боюнча нечен кылымдардын, ары кайгылуу, ары оор окуяларын тулку боюна сиңирип, имандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан чагылдырып келет. “Манастын” ичинде кыргыздын философиясы, идеологиясы, нукуралуулугу, салт-санаасы, алмустактан келе жаткан мурасы камтылып, ру�

аний баалуулуктары, этика-эстетикалык тарбиялоочу касиеттери көркөм чагылдырылган. Генеалогиялык принцип боюнча өнүккөн эпикалык чыгармалардын түрмөгү болуп саналган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үч илтиги ажырагыс бир бүтүмдүктү түзөт.

“Манастын уулу Семетей” дал ушул үч илтиктин эң көлөмдүү бөлүгү. Кыргыз эл акыны Ж.Садыков аны театрдын астанасына алып келүү менен бирге, эпоско жаңы дем берген. Аталган драманын негизинде са�

налаштырылган “Төлгө” спектаклинде Айкөл Манастын ру�

у анын урпактарында жашайт экени, ошол ру�

тан кубат алган урпактарынын кимиси гана болбосун Ата-журт үчүн бел чечпей ак кызмат кылууга даяр экени чагылдырылат. Ошол себептен атасын билбей, бешикте кеткен Семетейди кыргыз эли дегдеп күтүп, анын ар бир кадамында атасынын ордун басаар уул болсун деп төлгө кылат.

Спектаклде каралуу кеткен Каныкейдин аялдык ички трагедиясы, таянган тоосу кулагандан кийин бузукулуктун, көрө албастыктын курмандыгына айланган муң-зары, оор тагдырга туш болгонуна карабай, уулунун келечеги кыргыз элинин келечеги экендигин алдын ала сезип, уулу үчүн жан берүүдөн дагы кайра тарпастыгы, өзгөчө бүгүнкү күндүн жаш муундарына өрнөк боло турган, кайын энеси Чыйырды менен болгон кайын-эне келиндин ортосундагы астейдил сый мамилеси баяндалат.

Ролдордо:

• Семетей – Өмүрбек Израилов

• Каныкей – Калича Сейдалиева, КР эл артисти

• Чыйырды –Гүлайым Каниметова, КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси,

• Жакып – Шайымбек Кыдырмаев, КР эл артисти

• Көбөш – Жеңиш Сманов

• Абыке –Камчы Сарыбаев, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси

• Олуя Бакай – Нуркан Турсунбаев, КР эл артисти

• Хан Бакай – Нурлан Салидинов, КР эмгек сиңирген артисти

• Ысмайыл – Жеңишбек Кангельдиев, КР эмгек сиңирген артисти

• Кишимжан – Ма�

абат Асанбекова

• Кыргыл чал – Тилек Жумагазиев, КР эмгек сиңирген артисти

• Бакдөөлөт – Анара Сыдыгалиева, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

• Тазбаймат – Аскар Качкынбаев

• Сарытаз – Эржан Осмонов

• Эшен – Адыл Болорбек уулу

• Эшик ага – Бактыяр Шаршенбаев

• Манасчы – Атакан уулу Канболот

Көпчүлүк са�

нада театрдын жалпы жамааты катышат.

Театрдын жетекчилиги:

• Көркөм жетекчи: Альбина Имашова, КРнын Эмгек сиңирген артисти

• Директор: Асылбек Өзүбеков, КРнын Эл артисти

Бөлүшүү: