Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
КР эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекттик сыйлыктын ээси
Каниметова Гүлайым Кызайбаевна 1949-жыл 6-майда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тасма айылында кызматкерлердин үй-бүлөсүндө туулган.
1965-66-ж.ж. Каракол шаарындагы Киров орто мектебин бүтүрүп, 1967-жылы Бишкек шаарында М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын вокалдык бөлүмүнүн 2-курсун бүтүргөн. 1967-жылы Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы театралдык Академиянын актердук бөлүмүн 1972-жылы бүтүрүп, ошол бүтүрүүчүлөр Ош кыргыз драма театрынын пайдубалын түптөшкөн. 1972-жылдан 1992-жылга чейин Ош кырдрамтеатрында эмгектенет.
1992-1994-ж.ж. Чүй областтык Шаршен атындагы куудулдар театрында иштеген. 1994-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында эмгектенип келе жатат. 1978-жылы Ош кыргыз драм театры Москва шаарындагы атактуу Кичи театрында чыгармачылык отчеттук гастролго барып жыйынтыгында 1978-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиьирген артисти» деген ардактуу наам ыйгарылган.
22-август 1986-жылы «Эмгектин артыкчылыгы» деген медаль менен сыйланган.
1989-жылы «Нооруз-89», Орто Азия жана Казахстан театралдык фестивалында Н.Лесковдун «Мцен аймагындагы айым Макбет» спектаклинде Катерина Измайлованын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Гран-При жана «СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов» атындагы сыйлыктын лауреаты менен сыйланган. 1991-жылы 26-августта «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам ыйгарылган. 1995-жылы 31-августта Манас-1000 майрамында «Манас-1000» эстелик медалы менен сыйланган. Ош-3000 жылдык салтанаттуу майрамына арналган Т.Касымбеков, К.Сактановдун «Курманжан датка» спектаклинде Курманжан датканын ролу үчүн 6-ноябрь 2000-жылы Кыргыз Республикасынын «Ардак Грамотасы» менен сыйланган. 2021-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
2004-жылы «Курманжан датка» спектаклинде Курманжан датканын образын мыкты түзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты деген наамга татыктуу болгон. 2008-жылы «Арт-Ордо» театралдык III фестивалында Бишкек шаардык театрында Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести боюнча инсценировкаланган «Эсимде» спектаклинде Толгонайдын ролун, «Аялдардын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн» Гран-приге ээ болгон. 77ге жакын ролдорду ойногон. Дүйнөлүк классикадан баштап орус классикалык чыгармаларында образ жараткан. Мисалы: А.Чеховдун «Ак чардак» -Нина Заречнаянын, В.Шекспир «Гамлет» -Гертруда, И.Друце «Ыйыктын ыйыгында» -Мария, М.Ауэзов «Каракөз» -Каракөз, Ч.Айтматов «Жамийла» -Жамийла, «Бетме-бет» -Сейде, «Делбирим» -Асель, «Найман эне» -Найман эне, «Ак кеме» -Кемпир, «Эсимде» («Саманчынын жолу») –Толгонай, Ж.Садыков “Төлгө” — Чыйырды ж.б.