Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
10.02.1959-жылы Чүй областынын Кум-Арык айылында төрөлгөн. 1976-78-ж.ж. Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык 2 жылдык окуу жайын аяктаган. 1978-83-ж.ж. Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы театралдык окуу жайын бүтүргөн. 1983-1997-ж.ж. Ысык-Көл областык К.Жантөшев атындагы драма театры – актриса, 1997-1998-ж.ж. Бишкек эксперименталдык театры – артист, 1998-ж. Кыргыз Академиялык драма театры – башкы администратор, 2001-ж. Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театры – директордун биринчи орун басары, 2003-ж. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры башкы администратор, 2005-2014-ж.Директордун орун басары, 2010-жылдан тарта КУАДТда актриса. 2005-2013ж. бери КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайында «көркөм окуу» сабагынан окутуучу.
2010-ж.2-ноябрь –«Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси.
2015-ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланган.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган.
Аткарган ролдору:
Аялдын ролун эң мыкты жараткандыгы үчүн республикалык театралдык фестивалда 2-орун
Театралдык фестиваль 2-орун
Кинодогу ролдору:
1. Б.Карагулов «Бороондуу бекет» -Казангаптын кызы -Айзаданын ролу
2. Г.Базаров «Аномалия» -эпизоддук роль
3. Б.Карагулов «Саманчынын жолу» -эпизоддук роль
4. Г.Базаров телефильм «Нонсенс» -депутаттын аялы
5. Ж.Кулманбетов “Жапайы селки” -Рахат
6. Б.Осмонканов “Напарниктер” -Кайын эне
7. Руслан Акун “Апамды издеп” -Детдомдун директору
2010-жылдан бери актрисалык кызматта ойногон ролдору:
1.А.Чехов «Маараке той» -Мерчуткина (башкы роль)
2.Н.Гоголь «Үйлөнүү» -Фекла (башкы роль)
3.Т.Абдумомунов «Абийир кечирбейт» -Айша
4.М.Байжиев «Алтынчы күнү кечинде» -Сайраш
5. С.Ахмад «Күйөө бала» -Зебинисо
6. Г.Гапарова, М.Гапаров “ Кызганчаак аялдардын кечи” -Мадина