Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Сейдалиева Калича Осмонбековна, КР эл артисти, «Манас 1000» медалынын ээси, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты.
1956-жылы 15-сентябрда Талас областынын Киров районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган.
1974-75ж.ж. Кыргыз мамлекеттик драм театрынын алдындагы Театралдык окуу жайда окуган.
1975-79ж.ж. Ташкент шаарындагы А.Островский атындагы театралдык көркөм институтунун актердук факультетин бүтүргөн.
1979ж. бери Кыргыз улуттук академиялык драма театрында артист болуп эмгектенет.
1990ж. Эл аралык «Нооруз-90» театралдык фестивалында «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» (Гран-При) сыйлыгынын ээси.
1992ж. Жылдын мыкты актрисасы наамын жеңип алган.
1993ж. «Нооруз-93» театралдык фестивалында «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» сыйлыгы менен сыйланган.
1994ж. «Нооруз-94» театралдык фестивалында Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
1996-ж. Башкортостандын Уфа шаарында өткөн түрк тилдүү театрлардын эл аралык театралдык «Туганлык» фестивалында «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» (Гран-При) сыйлыгы менен сыйланган.
1995ж. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына татыктуу болгон.
1995ж. «Манас 1000» медалы менен сыйланган.
1995ж. Түркияда өткөн театралдык фестивалга катышуучусу.
1999ж. «Айтматов жана театр» эл аралык фестивалында «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» (Гран-При) сыйлыгын алган.
1999ж. Түркияда өткөн театралдык фестивалдын катышуучусу.
2003ж. Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.
2005ж. Татарстандын Казань шаарында өткөн эл аралык «Навруз» театралдык фестивалына катышкан.
2006ж. Түркиянын Адана шаарында өткөн «Сабанджи» эл аралык театр фестивалына катышуучусу.
2008ж. Түркиянын Кония шаарында өткөн театралдык фестивалга катышкан.
2000, 2006ж.ж. Башкортостандын Уфа шаарында өткөн түрк тилдүү театрлардын «Туганлык» эл аралык фестивалына калыстар тобунун мүчөсү болуп барган.
«Күн бетиндеги көлөкө» телепостановкасындагы ролу үчүн «Эң мыкты аялдын ролу» сыйлыгын жеңип алган.
2019-ж. КР эл артисти наамы менен сыйланган.
Этаптык ролдору:
Телепостановкаларда:
Билим берүү тармагында