Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Кыргыз Республикасынын эл артисти
Алышпаев Марат Усенович 1947-жылы Ысык-көл облусунун Саруу айылында жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктап, ошол эле жылы өзү окуган курсу менен бирге
С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрын түптөшкөн. Студенттик курагында эле өзүнун курсунун жол башчысы болгон. 27 жашында Ч.Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Момун чалдын образын жаратуу менен театр маданиятына өзүнүн чыйырын сала алган. Бул чыгарма ошол учурда эң алгачкы жолу сахнага коюлган. 27 жаштагы жигиттин Момун чалды алып чыкканы театр сынчылары, чеберлери тарабынан алкоого алынган.
Кийинчерээк Н. Гоголдун чыгармаларындагы баш каарманды, андан кийин Шекспирдин Гамлетин ойногон. 33 жашында Ричард IIIтү ойноп, күйөрмандарынын жүрөгүн багындырган. Ричард IIIкө Москвада окуп жүргөндө эле абдан кызыкканын ал өз сөзүндө көп жолу баса белгилеп айтып келген.
Кийин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке келип, улуттук театрдын репертуарындагы Ч.Айтматов “Чыңгызхандын ак булуту” спектаклинде Чыңгызхандын, К.Сактанов, Т.Касымбековдун “Курманжандатка” спектаклинде Алымбек датканын, Ф.Дюрренматт “Картаң айымдын келиши” спектаклинде Альфред Иллдин У.Шекспирдин “Макбет” спектаклинде Дункан падышанын, С.Раевдин “Исхак Раззаков” спектаклинде Раззаковдун жана башка көптөгөн спектаклдерде эң мыкты образдарды жаратып келген.
Быйыл анын чыгармачылыгына туура 50 жыл толгон эле. Алышпаев чыгармачылык менен катар жетекчилик кызматты да бирдей аркалап келген. Ал Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театрынын директору, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук комедиялык театрдын директору жана көркөм жетекчиси, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында директорлук кызматты аркалаган. Театр маданияты менен катар эле кыргыз кино искусствосунун өнүгүүсүнө да зор салымын кошкон. 1987 –жылы “Приют для совершеннолетних”, 1992-жылы “Шайтандын мөөрү”, 2003-жылы “Кара кыз”, 2012-2013-жылдары “Президент жана бомж”, “Президент жана бомж 2”, 2016-жылы “Атанын керези”, 2021-жылы “Акыркы көч” тасмаларында кайталангыс образдарды жараткан.