Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Кыргыз Республикасынын эл артисти
15.07.1948-ж. Ысык-Көл обл. Балыкчы р-да, Ак-Өлөң айылында төрөлгөн. Улуту – кыргыз. Билими – жогорку. А.В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театрлдык институтунун (ГИТИС) «актер драма жана кино» адистигин алган.1972-93- жылга чейин Ош кыргыз драма театрын негиздеген актриса болгон.1976-ж. Республикалык «Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү» медалы.1978-ж. Москвадагы отчеттук гастролдо Кыргыз ССРнын Жогорку Советинин «Ардак Грамотасы» менен сыйланган.1988-ж. 27 март театр күнүнө карата өткөрүлгөн фестивалда Н.Лесковдун “Мцен аймагындагы айым Катерина Измайлова” –Сонетканын образына, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун «жылда аялдын образын мыкты түзгөндүгү үчүн» деген лауреаттык Диплом.1989-ж. 27 март театр күнүнө карата өткөрүлгөн фестивалда М.Капаровдун «Туздуу чөл» -Рабиянын образына, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун «жылда аялдын образын мыкты түзгөндүгү үчүн» деген лауреаттык Диплом.1991-ж. 27 март театр күнүнө карата өткөрүлгөн фестивалда Ж.Садыковдун «Ак мөөр» -Сонун жана Бүбүнүн образдарына, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун «жылда аялдын образын мыкты түзгөндүгү үчүн» деген лауреаттык Диплом.1992-ж. Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген артисти деген ардак наам берилген.1994-ж. КУАДТга актриса болуп которулган.1996-ж. Т.Абдумомунов атындагв КУАДТгы алдындагы Театралдык окуу жайында мугалим болуп ушул мезгилге чейин иштейт.1999-ж. «Нооруз-99» Эл театралдык фестивалында Т.Абдумомуновдун «Машырбек үйлөнөт» спектаклинде «Кекелейдин образын эң мыкты жогорку чеберчиликте жараткандыгы үчүн» -Кыргыз Республикасын билим жана маданият министрилигинин Дипломун жана акчалай сыйлыгы менен сыйланган.2002-ж. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда «улуу окутуучу» болуп иштеп келе жатат. Анын окуучулары азыркы учурда Кыргыз театрылындарында үзүрлүү эмгектенип жатышат.
Сыйлыктары:
2006-жылы КР Маданият жана Маалымат министрлигинин «Ар грамотасы» менен сыйланган.
2007-ж КУАДТнын 80- жылдык юбилейинде КУТРКнин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
2008-ж. Екатеринбург шаарында өткөн 31 театр катышкан «Коляда Plays» Эл аралык театралдык фестивалында «Аялдын мыкты ролу» -номинациясынын жеңүүчүсү болгон.
2008-ж. Н.Коляданын «Кымбатым» моно спектаклининдеги Эненин – Аялдын ролун эң мыкты аткарганыдыгы үчүн «Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты» алган.
2009-ж. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «билим берүү отличниги» менен сыйланган.
2011-жылы КР эл артисти наамына ээ болгон.
Ролдору:
1. М.Горький «Акыркылар» -Вера
2. А.Чехов «Ак чардак» -Полина Андреевна
3. А.Дыйканбаев «Мүрөктүн суусу» -Шербет
4. К.Симонов «Биздин шаардык жигит» -Женя
5. А.Токомбаев «Күндүн чыгышы» -Телефонистка
6. А.Баранго «Коомдук пикир» — Отиллия
7. К.Жантошев «Курманбек» -Гүлгаакы
8. Б.Омуралиев «Жаңырык» -Умай эне
9. Ч.Айтматов «Ак кеме» -Бекей
10. М.Горький «Түпкүрдө» -Наташа
11. Б.Жакиев «Миң кыял» -Кемпир
12. А.Вампилов «Тун уул» -Нина
13. Г.Хугаев «Андро менен Сандро» -Кошар
14. М.Сейталиев «Бегайым» -Эне
15. Софокл «Электра» -Христемида
16. Т.Сыдыкбеков «Биздин замандын кишилери» -Зарыл
17. Т.Абдумомунов «Алдар Көсөө» -Эркайым
18. Н.Байтемиров «Кычан» -Кычандын энеси
19. Н.Мирошниченко «Үчүнчү муун» -Ева Мюллер
20. В.Вампилов «Өткөн жайда Чулимскиде» -Кашкина
21. Б.Жакиев «Жолугушуу» -Жеңеси
22. Н.Байтемиров «Баланын бары да балээ, жогу да балээ»
-Шамал
23. Ч.Айтматов «Фудзиямадагы кадыр түн» -Анвар
24. Ж.Абдыкадыров «Шылуундар» -Татына кыз
25. Ж.Садыков «Толубай сынчы» -Айжан
26. М.Гапаров «Туздуу чөл» -Рабия
27. Н.Лесков «Мцень аймагындагы айым Катерина Измаиловна» -Сонетка
28. Э.Эрматов «Жаңыл Мырза» -Азбүбү
29. А.Володин «Кескелдирик» -Алакачкандын энеси
30. М.Борбугулов «Барпы ырчы» -Лейлихан
31. Ч.Айтматов «Бетме-бет» -Эне
32. Ж.Садыков «Эр Төштүк» -Кенжеке
33. Н.Островский «Текшерүүчү» -Унтер офицердин жесири
34. М.Гапаров «Кар алдындагы алчалар» -Мэри Мусаевна
35. М.Гапаров «Аялдар деңизи» -Сур эчки
36. Друце «Ыйыктын ыйыгы» -Секретарша
37. М.Ауэзов «Кара көз» -Тектуу
38. Ж.Садыков «Ак Мөөр» -Сонун, Бүбү
39. А.Дыйканбаев «Жазайымдын Актаны» -Бачайым
40. А.Дыйканбаев «Кыргын» -Айжан
41. А.Гельман «Скамейка» -Вера
42.Л.Разумовская «Кымбаттуу Елена Сергеевна» -Елена Сергеевна
43. Б.Жакиев «Атанын тагдыры» -Оңолкан
44. Ж.Садыков «Адам жана Азезил» -Аял
45. Ш.Шаршеев «Алиман апанын жомогу» -Жалкоо шайтан
46. Р.Оторбаев «Абуталип апенди» -Анфиса
47. Т.Абдумомунов «Кимдин кимдин заманы, Машырбектин заманы» -Кекелей
48. М.Тойбаев «Эрте өчкөн жылдыз» -Белимчи кемпир
49. Т.Уильяме «Кыялым азабым» -Гүл саткан аял жана Надзиратель
50. К.Зарлыкова «Сибирь челноктору» -Дүрдана Дүрбөлөңовна
51. Т.Касымбеков «Курманжан датка» -Кемпир
52. А.Паронян «Багдасар аке» -Саломэ
53. С.Ахмед «Күйөө бала» -Зебиниса
54. Н.Коляда «Кымбатым» (моноспектакль) -Аял-эне
55. У.Шекспир «Антоний менен Клеопатра» -Мардиян
56. Э.Ионеско «Макбет» -Дункан айым
57. Ю.Дамскер “Күүгүм” – Наташа
58. Э.Эфендиев “Рахмат, сага Шекспир” – Эрди-катын
59. Брехт “Өлөрман эне жана анын балдары” – Жарадар аял, кемпир
60. Ф. Дюрренматт “Картаң айымдын келиши” –
61. Ж.Садыков “Төлгө” – Кошокчу