Көчөрбаева Жипариса Абдыкадыровна 05.09.1958 – жылы Чүй обл. Панфилив р. Букара айылында төрөлгөн.
Алматыдагы театралдык – көркөм-сүрөт институтунун театралдык факультетинин актердук бөлүмүн 1981 –жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.
Ж. Көчөрбаева өзүнүн чыгармачылык жолун 1981-жылы Ош областтык кыргыз драма театрында актриса болуп иштеп баштаган.
1982 – жылдан бери Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын артисти. Котормочу, продюсер, сценарист.
Сыйлыктары:
1995 – ж. «КР эмгек сиңирген артисти» наамына ээ болгон.
2017 – ж. КР Президентинин баалуу белеги «Алтын саат» менен сыйланган.
2022 – ж. Түрк тилдүү элдеринин маданиятына сиңирген эмгеги үчүн «Күмүш символу» сыйлыгына татыктуу болду.
2022 – ж. «КР Эл артисти» ардактуу наамына ээ болгон.
2022– ж. М. Ауэзовдун «Эңлик Кебек» пьесасын кыргыз тилине которгондугу үчүн М. Ауэзовдун «Алтын медалы» менен сыйланды.
2022–ж. Казак тилинен кыргыз тилине которгон эмгектери үчүн Казакстандын Театр Ишмерлер Союзунун «Урмат Диплому» менен сыйланды.
2024 ж. Түрк элдеринин маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Түрксойдун «Алтын медалы» жана Диплому менен сыйланды.
Иш тажырыйбасы:
2001 – жылы «Акайын» Жаш таланттарды колдоо коомдук фондун негиздеп түзгөн, директору.
2004 – жылы «Акайын» коомдук фондунун алдында түзүлгөн “Бишкектин Жашыл театры” аттуу көчө театрын негиздеген, директору.
2007 – жылдан бери Борбордук Азия көчө театрларынын Бишкек шаарында өткөрүлгөн I — II жана III Эл аралык фестивалдарынын (2007ж. 2010ж. 2012ж.) уюштуруучу директору.
2002 – ж. Эл аралык фестиваль «Мальта», (Познань.) « Жайкы театралдык акцияга» катышып, (Польша.) Варшава шаарларында чыгармачылык жана продюсердик иши боюнча стажировкадан өткөн.
2005 – ж. IREX Программасы боюнча стажировка «Коомдук байланыштар»: арт-менеджмент боюнча тренинг-курс. АКШ, Чикаго шаарында стажировкадан өткөн.
1993-жылы «Сафия Булан» спектаклинде Асиянын образын бийик чеберчиликте жараткандыгы үчүн Т. Турсунбаева атындагы сыйлык, 1995-жылы «Адамдын үнү» спектаклинде Аялдын образын мыкты аткаргандыгы үчүн Гран- При, 2000-жылы «Нооруз-2000» Эл аралык театр фестивалында «Эңсөө» Трамвайы» спектаклинде Бланштын ролу үчүн Аялдын образын эң мыкты аткаргандыгы үчүн Гран-Прини жеңип алган. Ф. Буляков «Бакбергендин балпайган бактысы» спектаклинде Марипанын ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн Улуттук «Эргүү» сыйлыгына татыктуу болгон.
Режиссердук иштери:
«Актриса» Т. Турсунбаеванын 50 жылдык юбилейине карата сценарийдин автору, сорежиссер.
«Алыкул» А. Осмоновдун 80 жылдык юбилейине карата – сценарийдин автору, сорежиссер.
2013-ж. С. Жамановдун 100 жылдык юбилейине карата «Эсиңе мени алаарсың» – сценарийдин автору, режиссеру.
2020-ж. Т. Турсунбаеванын 75 жылдык юбилейине карата – сценарийдин автору, режиссеру.
2024-ж. «Акын К. Тажиеванын поэзия кечеси» – режиссеру.
Продюсердик иштери:
Сп. «Адамдын үнү» КМАДТ
Сп. «Кандуу той» Ч. Айтматов театры
Сп. «Медея» КМАДТ
Сп. «Бар үмүтүм сенде, Сафия Булан» КМАДТ
Сп. «Эңсөө «Трамвайы» КМАДТ
Сп. «Сүйүү айлантмасы» КУАДТ
Сп. «Куурчакты өлтүргүлө, же кызганчаак аялдардын кечи» КУАДТ
Сп. «Күтөм сени, сүйгөнүм!» КУАДТ
Сп. «Карагул ботом» Бишкектин Жашыл театры
Сп. «Нан менен Ит» Бишкектин Жашыл театры
Сп. «Былтыркы кар кайда?..» Бишкектин Жашыл театры.
Котормолору: Пьесалар
Орус тилинен кыргыз тилине которулган:
1.«Былтыркы кар кайда?» – М. Гапаров, Г. Гапарова .
2.«Сүйүү айлантмасы» – А. Шницлер.
3.«Куурчакты өлтүргүлө, же кызганчаак аялдардын кечи» – М. Гапаров, Г. Гапарова.
4.«Филумена Мартурано» – Эдуардо де Филиппо.
5.«Бейтааныш» – Т. Джудженоглу.
6.«Шанель айым» – Н. Коляда.
7.«Мемиреген түн» – Гаральд Мюллер.
- «Мармеладовдор» − Ф. Достоевский.
- «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы» − А. Чехов.
Казак тилинен кыргыз тилине которулган:
1.«Эңлик-Кебек» – М. Ауэзов.
2.«Татынакай келинчек» – С. Балгабаев.
Ырлар жыйнагы:
«Эсиңе мени алаарсың» – М. Макатаев.
Даректүү фильмдери:
2023 ж. Даректүү фильм «Сыдыке» (Сыдыкбек Жаманов) – «Кыргызфильм» — сценарийдин соавтору.
2024 ж. Даректүү фильм «Н. Алымбековдун 80 жылдык юбилейине карата» − «Кыргызфильм» − сценарийдин соавтору.
Көчөрбаева Жипарисанын табигый талантына лирикалык – романтикалуу, курч мүнөздүү образдар менен бирдикте комедия жанрындагы образдар да мүнөздүү. Ал театр сахнасында жараткан образдар ички драматизми жана инсандык максималдуулугу менен айырмаланып турат. Ал кыска мөөнөттүн ичинде кыргыз жана дүйнөлүк драматургиясынын үлгүлөрү болгон чыгармалардан көркөмдүк деңгээли жогору көптөгөн образдарды жаратты. Алардын ичинде:
Н. Байтемиров «Уркуя» – Дүрдана,
М. Карим «Ай тутулган түндө» – Зубаржат.
В. Шекспир «Гамлет» – Офелия.
А. Чехов «Алчалуу бак» – Аня.
Т. Уильямс «Эңсөө» Трамвайы» – Бланш.
Ж. Кокто «Адамдын үнү» – Аял.
С. Ахмад «Темир аял» – Адалат.
С. Стратиев «Автобус» − Ашык кыз.
А. Шницлер «Сүйүү айлантмасы» – Гризетка.
М. Гапаров «Бар үмүтүм сенде, Сафия Булан» – Асия.
Э. Эрматов «Жаңыл Мырза» − Анар.
М. Байжиев «Он экинчи күн» − Дездемона.
М. Гапаров «Кызганчаак аялдар…» – Эркайым.
Г. Лорка «Кандуу той» – Колукту.
С. Ахмад «Күйөө бала» – Зумрад.
Н. Хикмет «Унутулган адам» − Эне.
Ф. Буляков «Бакбергендин балпайган бактысы»–Марипа.
Индия эпосу «Рамаяна»–Мантхара.
Э. Эфендиев «Рахмат сага, Шекспир» – Эрди-Катын,
Ф.М.Достоевский «Мармеладовдор» − Катерина Ивановна.
Т. Дженженоглу «Бейтааныш» − Эне.
М. Гапаров, Г. Гапарова «Былтыркы кар кайда?..» − Актриса.
Адилеттик издеген Рыцарь – Графтын энеси.
Г. Лорка «Бернардо Альбанын үйү» − Мария Хосефа. ж.б. образдарды жараткан.