Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын кыскача тарыхы.
— 1926 жылдын 11-октябрында ВКПб нын кыргыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмү тарабынан актерлорду даярдоо үчүн улуттук театр студиясын түзүү жөнүндө токтом кабыл алынып, 1926 жылдын 2- ноябрында театр студия болуп ачылган;
— 1926-1929-жылдары театр студия 15ке жакын спектаклдерди элге көрсөтүүгө жетишкен. Алардын арасында кыргыздын улуттук драматургиясынын башаты деп аталган М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей» драмасы да бар;
— 1936-жылы жогорку квалификациялуу адистердин келиши менен Кыргыз мамлекеттик театры- Кыргыз мамлекеттик музыкалуу драма театрына айланган;
— Кыргыз ССР Эл комиссарлар советинин 1941-жылдын 20-августундагы №798 токтому боюнча Кыргыз мамлекеттик драма театры экиге бөлүнүп, мамлекеттик опера жана балет театры жана Кыргыз мамлекеттик драма театры болуп түзүлгөн;
— 1971- жылы Кыргыз драма театрына “Академиялык” деген статус ыйгарылган;
— 1997-жылы 10-декабрда театрга кыргыздын биринчи профессионал драматургу Т.Абдумомуновдун ысымы ыйгарылган;
— 2000-жылы 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен театрга “Улуттук” статусу берилген;
— Театрдан М.Рыскулов, Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева сындуу СССРдин эл артисттери, С.Күмүшалиева сындуу КРнын Баатыры жана ондогон Кыргыз эл артисттери өсүп чыгышкан;
— Театрдын жамааты бул аралыкта миңдеген театр күйөрмандарынын арзуусуна татып, көптөгөн Эл аралык фестивалдарда татыктуу байгелерди багындырган.
— Бүгүнкү күндө театрда жалпысынан 196 кызматкер эмгектенет. Чыгармачыл топтун жалпы саны 80ден ашык өнөр ээлерин түзөт.
— Азыркы учурда театрдын репертуарында 40ка жакын бардык жанрды камтыган спектаклдер ойнолууда.