Осмонова Айсалкын Азизовна

Осмонова Айсалкын Азизовна

КР эмгек сиңирген артисти

Туулган күнү: 4 февраля 1959

Туулган жери: Чүй облусунун Сокулук районунун Түз айылында туулган.

Өмүр баяны

Осмонова Айсалкын, КР эмгек сиңирген артисти.

1959-жылы 4-февралда Чүй облусунун Сокулук районунун Түз айылында туулган. 1976-1979-ж.ж. КУАДТнын театралдык студиясында окуган. 1976-1989-ж.ж. звукооператор, режиссердун жардамчысы болуп иштеген. 1989-жылдан баштап КУАДТда артист болуп эмгектенет. 1989-1991-ж.ж. Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы ТТХИ окуган. 1991-1994-ж.ж. Б.Бейшеналиева атындагы КМИИ бүтүргөн. 2005-ж. Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты. Айсалкын Осионова театрда көптөгон ролдорду жаратып, көрүүчүлөрдүн арзуусуна ээ болгон. Алсак, У.Шекспир «Ромео менен Джульетта» -Бакан аялдын, О.Уайльд «Саломея» -Рабынянын,  Т.Уильямс «Эьсөө трамвайы» -Юнистин Т.Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» -Кекелейдин, Ж.Садыков «Сейтек» -Карачачтын,

Ж.Садыков «Ормон хан» -Уулбаланын,  Ж.Садыков «Өмүр жана өкүнүч» -Келиндин, Ян Теттер «Дубал» -Эненин, Р.Отарбаев “Тагдыр” – Эненин, Б.Жакиев «Атанын тагдыры» -Зуура, Майраштын, Ж.Садыков “Адам жана Азезил” – Азезилдин, Б.Жакиев «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» -Келиндин,  Т.Абдумомунов «Жоробайдын жоруктары» -Рапиянын,

М.Булгаков «Зойканын квартирасы» -Мадам Иванованын, С.Ахмад «Келиндер козголоьу» -Мехринин А.Касенов «Алда жаш жубайлар» -Газизанын,  С.Раев «Барсбек» -Нура бийкенин,  Б.Өмүралиев «Тагдырдын өгөй балдары» -Толик, Р.Шүкүрбеков «Жапалак» -Бурулкан, А.Аксы «Махабат жана өлүм» -Акбала М.Гапаров «Туздуу чөл» -Рабия,

М.Тойбаев «Жөн эле Майраш» -Сайракан, М.Тойбаев «Эрте өчкөн жылдыз» -Рева Касымовна, Ж.Кулманбетов «Кагылайын Манасым» -Колукту, Ж.Өзүбекова «Толгоо» -Аязкан, М.Токтобаев «Көл жээгиндеги үй» -Аида, Ж.Кулманбетов «Кош жылдыз» -Вера Ивановна, С.Ахмад «Темир аял» -Шарапат, Ж.Оторбаев «Абай сот» -Калия, Ян Теттер «Дубал» -Эне, Б.Жакиев «Жолугушуу» -Келин, Р.Оторбаев «Тагдыр» -Эне, С.Ахмад «Күйөө бала» -Кумри, Н.Коляда “Шанель айым” – Назима Асековна, К.Иманалиев “Керээз”  - Алмакан, Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” – жер эненин образдары өзгөчө чеберчилик менен театр сүйүүчүлөрүнө тартууланган.

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Осмонова Айсалкын Азизовна — фото 1
Осмонова Айсалкын Азизовна — фото 2
Осмонова Айсалкын Азизовна — фото 3
Осмонова Айсалкын Азизовна — фото 4