Джумагазиев Тилек Усубалиевич
Туулган күнү: 17 августа 1956
Туулган жери: Жумгал районунун Кайырма айылы
Өмүр баяны
Джумагазиев Тилек Усубалиевич 1956-жылы 17-августта Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма айылында төрөлгөн.
1973–1975-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрынын алдындагы театралдык студияда, 1975–1979-жылдары Ташкент шаарындагы А. Н. Островский атындагы театр жана көркөм өнөр институтунда билим алган.
1988–1990-жылдары Москва шаарындагы Моссовет атындагы театрда стажировкадан өткөн.
Эмгек жолун 1971–1973-жылдары Жумгал элдик театрында артист болуп баштаган. 1979–1984-жылдары Ош кыргыз драма театрында, 1984–1988-жылдары Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, 1990–1994-жылдары Ош кыргыз драма театрында актёр болуп эмгектенген.
1994–1995-жылдары Бишкек шаардык театрынын директорунун орун басары, 1999–2004-жылдары Москва районундагы «Беш-Терек» акционердик коомунун коммерциялык директору болуп иштеген.
2004-жылдан тартып Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын директору жана аталган театрдын актёру болуп эмгектенип келет.
Сыйлыктары жана жетишкендиктери
- 2008-жылы, 7-февралда – Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин №28 буйругунун негизинде «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.
- 2010-жылы, 29-октябрда – Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (ПЖ-267).
- 2011-жылы, 28-мартта – №9/4 буйруктун негизинде «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
- 2013-жылы, 27-мартта – М. Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыкка татыган.
- 2014-жылы – К. Жантөшев атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты.
- 2017-жылы – IX республикалык театр фестивалында Б. Буляковдун «Бакбергендин балпайган бактысы» спектаклиндеги Бакбергендин ролу үчүн «Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн» номинациясы менен сыйланган.
- 2017-жылы – Б. Жакиевдин «Көздөн учкан Ата Журт» спектаклиндеги Муса ажынын ролу үчүн «Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн» номинациясында «Эргүү» улуттук театр сыйлыгына татыган.
- 2019-жылы – «Афган» ордени менен сыйланган.
- 2019-жылы – Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» спектаклиндеги Абиловдун ролу үчүн XI республикалык театр фестивалында «Калыстар тобунун арзуусу» номинациясы менен сыйланган.
Театрда жараткан ролдору
Жумгал элдик театры (1971–1973-жылдар)
- М. Алыбаев, «Курорттогу окуя» – Ефим Иванович.
- Назым Хикмет, «Унутулган адам» – Малай.
- Ш. Эсенгулов, «Бир каттын сыры» – Баатырбек.
- Т. Абдумомунов, «Эч кимге айтпа» – Жергебай.
- Н. Хикмет, «Фархад жана Ширин» – Фархад.
Дипломдук спектаклдери
- 1975-жылы – Ч. Айтматов, «Жамийла» – Керим. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студия.
- 1979-жылы – А. Балакаев, «Эненин жүрөгү» – Пюрвя. Ташкент шаарындагы А. Н. Островский атындагы театр жана көркөм өнөр институту.
Ош кыргыз драма театры (1979–1984-жылдар)
- А. Грибоедов, «Акылдан азап» – Чацкий.
- А. Безуглов, Кларов, «Эски базардын ойрон болушу» – Кошельков.
- А. Горин, «Герострат» – Герострат.
- М. Ауэзов, «Каракөз» – Сырым.
- У. Шекспир, «Гамлет» – Лаэрт.
- К. Жантөшев, «Каныбек» – Жума.
- Мирошниченко, «Үчүнчү муун» – Ярцев.
- А. Абдуллина, «13-башкарма» – Улин.
- Т. Абдумомунов, «Алдар Көсө» – Чатек, Чынарбай.
- А. де Сент-Экзюпери, «Кичинекей принц» – Честолюбец.
- К. Жантөшев, «Курманбек» – Чагыр.
- К. Маликов, «Жаңыл Мырза» – Акыбек.
- У. Шекспир, «Ричард III» – Ретклиф.
- Т. Абдумомунов, «Ашырбай» – Солтобай.
- П. Педояс, «Эстон жомоктору» – Помещик.
- А. Вампилов, «Чулимскидеги окуя» – Павел.
- Ф. Достоевский, «Игрок» – Алексей.
- Б. Жакиев, «Күттүргөн жаз да келээр» – Тилек.
- Ш. Бейшеналиев, «Кычан» – Кычан.
- Н. Байтемиров, «Ай ушул балдар, ай» – Бекбоо.
- А. Абдугафуров, «Ар-намысты козгоо» – Асанжан.
- А. Арбузов, «Таңкы шаар» – Вениамин Альтман.
- Ш. Абдрахманов, «Токуучулар» – Мамыт.
- М. Сейталиев, «Бегайым» – Темир.
- Абакиров, «Чоң энемдин жомогу» – Карышкыр.
Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры (1985–1988-жылдар)
- Ж. Сыдыков, «Эрк таңы» – Байтуман.
- Мамбетакунов, «Омар Хаям» – Лаук.
- Т. Абдумомунов, «Чолпонбай» – Саша.
- А. Фадеев, «Жаш гвардия» – Сергей Сафронов.
- Б. Өмүралиев, «Тагдырдын өгөй балдары» – Витя.
- Б. Жакиев, «Саадак какты» – Камбаркан.
- У. Шекспир, «Ричард III» – Принц Уэльский.
- К. Акматов, «Ажырашуу» – Түнкатар.
«Тунгуч» театры (1990-жыл)
- Ж. Өзүбекова, «Апамдын махабаты» – Санжар.
- «Кайран катын Каныкей» – Семетей.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (2004–2013-жылдар)
- М. Тойбаев, «Өчпөс жылдыз» – Министр Отунбаев.
- Ж. Б. Мольер, «Анткор оорулуу» – Пурган.
- У. Шекспир, «Гамлет» – Падыша.
- Т. Касымбеков, К. Сактанов, «Курманжан датка» – Мусулманкул.
- Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей» – Ысмайыл.
- С. Ахмад, «Күйөө бала» – Максум.
- К. Зарлыкова, «Сүйүү арманы» – Бакир (театралдык окуу жай).
- Ж. Кулманбетов, «Канат менен Зарина» – Чоочун киши (театралдык окуу жай).
- У. Шекспир, «Антоний менен Клеопатра» – Антоний.
- Б. Жакиев, «Жолугушуу» – Алкан Алжанович.
- Н. Хикмет, «Унутулган адам» – Фотограф.
- М. Тойбаев, «Жоронун жоруктары» – Чоң ата (Орус драма театры).
- Б. Калчабаева, «Махабат баяны» – Баяман.
- А. П. Чехов, «Сунуш» – Чубуков.
- К. Сактанов, «Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам» – Күйөө.
- А. П. Чехов, «Юбилей» – Хирин.
- Б. Брехт, «Өлөрман эне» – Ашпозчу.
- А. Абдыгулова, «Бурулча» – Жанек баатыр.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (2014-жыл)
1. М. Байжиев, «Алтынчы күнү кечинде» – Күрүчбек.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (2015-жыл)
- Ф. Дюрренматт, «Картаң айымдын келиши» – Илл.
- Ж. Аманов, «Эл достугу» – Акматай.
- М. Метерлинк, «Көк куш» – Чоң ата.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (2016-жыл)
- Ф. Буляков, «Бакбергендин балпайган бактысы» – Бакберген.
- А. Темирова, «Махабхарата» – Дхритараштра.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (2017–2025-жылдар)
- Б. Чотурова, «Тумар ханыша» – Крез.
- Ю. Дамскер, «Күүгүм» – Гарри Котляр.
- А. Менчелл, «Өмүр күзү» – Сэм.
- К. Иманалиев, «Керээз» – Медет датка.
- Ч. Айтматов, «Кылым карытар бир күн» – Абилов.
- Э. Эфендиев, «Рахмат сага, Шекспир» – Башкы дарыгер.
- Ж. Садыков, «Төлгө» – Кыргыл чал.
- В. Дельмар, «Эртеңкиге ордуңду бошот» – Купер Барк.
- К. Иманалиев, «Акыркы кат» – Хамза.
Кинодо жараткан ролдору
- Н. Мендебаиров, «Дудук кыз» – Малик.
- Ж. Кулмамбетов, «Жараланган турналар» – Сыргак.
- Н. Абдыкадыров, «Кыргыз-казак бир тууган» – Сейтек.
- М. Жумаев, «Туман» – Шарип ака.
- А. Токторов, «Раззаков» – Ажы.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү