Жанжигитов Данияр Тыныбекович
Туулган күнү: 10 июня 1982
Туулган жери: Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.
Өмүр баяны
Жанжигитов Данияр Тыныбекович. 06.10.1982-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1999-2002-ж.ж.КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайын, 2004-2008-Б.Бейшеналиева атындагы КМИИни аяктаган. 2002-жылдан тарта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру. Театрдын астанасын аттаганы эле өзү теңдүү жаштардан бөлүнүп, бир топ алгылыктуу образдарды жаратып, театр устаттарынын, сынчыларынын жакшы баасына татыган. Ондогон образдары менен эл оозуна алынып, дасыккан, такшалган сахна чеберлеринин ордун басат деген үмүт жаратып келет.
Өзгөчө акыркы 10 жылдыкта театрдын репертуарын алдыга сүйрөгөн, этаптуу ролдорду жараткан бирден бир белдүү актёрлордун катарын толуктады десек жаңылбайбыз. 2018-жылы режиссер Назым Мендебаиров сахналаштырган Б.Чотурованын калемине таандык “Рамаяна” спектаклинде башкы каарман Дашаратханын образын жаратып, аталган спектакль менен М.Рыскуловдун 110, С.Күмүшалиеванын 100 жылыгына арналган республикалык театр фестивалына катышып, аталган образды мыкты жараткандыгы үчүн “Эркектин ролун эң мыкты жараткандыгы үчүн” номинациясын жеңип алган. 2019-жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналып коюлган “Кылым карытар бир күн” спектаклинде Эдигейдин образын жаратып, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээс болгон. Ошондой эле 2015-жылы режиссер М.Козукеев сахналаштырган “Саманчынын жолу” спектаклинде Майсалбектин образын жаратып, 2022-жылы аталган образы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты аталган.
Ролдору:
- М.Байжиев «Кыз күйөө» -Эркин
- Ж.Садыков «Өмүр жана өкүнүч» -Берик
- Ж.Садыков «Ормон хан» -Түлөкабыл
- У.Шекспир «Гамлет» -Шут
- Ж.Кулманбетов «Кош жылдыз» -Призрак
- С.Алтымышов «Таң булбулу» -Жигит
Г.Гапарова,
- М.Гапаров «Куурчакты өлтүргүлө…» -Капитан
- М.Козукеев,
- Н.Мендебаиров «Кукломекс» -Циклоп
- М.Козукеев «Принцесса Бенд-Закинджа
и ее маскарапоз» -Ишпай
- Т.Касымбеков,
- К.Сактанов «Курманжан датка» -Камчыбек
- У.Шекспир «Антоний и Клеопатра» -Эрос, Скарь
- М.Булгаков «Зойкина квартира» -3-бейтааныш
- Юджин О’Нил «Любовь под вязами» -Питер, Негр
- М.Абылкасымова,
К.Иманалиев «Атаке баатыр» -Солтоной
- С.Ахмад «Күйөө бала» -Жаш Ганибай
- Т.Абдумомунов «Алдар Көсөө» -Жигит башы
- Б.Жакиев «Атанын тагдыры» -Борбук
- М.Байжиев «Узак сапардагы поезд» -Официант
- С.Злотников «Эки пудель» -Эркек пудель
- Ж.Б.Мольер «Анткор оорулуу» -Де Бонфуа
- М.Козукеев
Н.Мендебаиров «Сыйкырдуу так» -Закир
- М.Козукеев
Н.Мендебаиров «Жомоктор дүйнөсүндө» -Зло
- М.Козукеев
Н.Мендебаиров «Кар киши жана анын достору» -күчүк
- М.Козукеев
Н.Мендебаиров «Данияр жомоктор дүйнөсүндө» -Данияр
- О.Уайльд «Жылдыздуу бала» -Аязата
- Н.Хикмет «Унутулган адам» -Фотограф
- Ян Теттер «Дубал» -Баласы
- Т.Теменов «Алма багы» -Узун Адам
- «Снеговик» -Пес
- К.Зарлыкова «Сибирь челноктору» -Рэкет
- Э.Ионеско «Макбет» -Банко, Маколь
- Ч.Айтматов «Чынгызхандын ак булуту» -Нёкёр
- Б.Калчабаева «Баяндуу махабат» -Жигит
- Р.Оторбаев «Тагдыр» -Макс
- А.Темирова «Сынык асман» -Очкичен
- А.Темирова «Махабхарата» - Дурьот хан
- Т.Абдумомунов «Абийир кечирбейт» - Сейит
- С.Раев «Оо, кыздар» - Балкондогу жигит
- Б.Чотурова «Рамаяна» - Дашаратха хан
- Б.Чотурова «Тумар Ханыша» - Фарнак
- Ч.Айтматов «Саманчынын жолу» - Майсалбек
- К.Иманалиев «Коркут ата» - Ажал
- К.Иманалиев «Керээз» - Итий
- Ч.Айтматов «Кылым карытаар бир күн» - Эдигей
- Б.Жакиев “Көздөн учкан Ата-Журт” – Кызыл чок
- Н.Гоголь “Үйлөнүү” – Подколесин
- Ж.Садыков “Адам жана Азезил” – Адам
- А.Жапаров “Эл достугу” - Марат
- В.Дельмар “Эртеңкиге ордуңду бошот” – Левицкий
- Ж.Сарман “Мамурэ” - Орас
Кинодо:
М.Сарулин «Шелковый путь брат мой» -Дембель
«Кок добо» -Рэкет
Т.Ибрагимов «Женщина у стремени» -Белек
«Узор надежды» -Марат
Б.Мукул “Ак бас” - Чиновник
А.Сулайманов “Президент жана бомж” - бомж
М.Айдаралиев “Карышкырдын мыйзамы” - наркоборон
2009-ж. “Макстын жоруктары” - режиссер
2010-жыл. «Калиф Аист» жаңы-жылдык жомоктун режиссеру.
2016-ж. “Ажыдаар хандыгы” – режиссер
2017-ж. “Айнек жүрөктүү ханыша” – режиссер
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү