Осмонов Эржан Дуйшенбекович

Осмонов Эржан Дуйшенбекович

Актёр

Туулган күнү: 1 января 1988

Туулган жери: Талас областынын, Талас районунун, Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.

Өмүр баяны

Осмонов Эржан Дуйшенбекович  1988-жылы, Талас областынын, Талас районунун, Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынан жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинде билим алган.

Эржан Дуйшенбекович чыгармачыл жолун Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайына тапшырып, студенттик кундөрдө жараткан алгачкы образдары аркылуу баштаган. Ал дал ушул окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң, улуттук театрдын босогосун аттап, профессионал артист катары театр корифейлери менен биргеликете иштей баштаган. Ал өз чыгармачылыгында кыргыз драма театрынын эң жакшы деген спектаклдеринде башкы каармандардын образдарын жаратып келет.

Алсак, Т.Абдумомуновдын “Абийир кечирбейт” спектаклинде Масадыктын, Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат” спектаклинде Шырдакбектин, Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклинде Семетейдин, А.Жапаровдун “Эл достугу, эр достугу” спектаклинде Назарбаевдин, Т.Тименовдун “Алма багы” спектаклдинде Мараттын, Ч.Айтматовдун “Чынгызхандын ак булуту” спектаклинде Эрдененин, Б.Чотурованын “Тумар Ханыша” спектаклинде Рустамдын, К.Иманалиевдин “Керээз” спектаклинде Бооромбайдын, Ж.Садыков “Төлгө” спектаклинде Сарытаздын, В.Дельмар “Эртеңкиге ордуңду бошот” спектаклинде Джорждун, Ж.Садыков “Эр Төштүк” Көк Дөөнүн жана Т.Актанов “Тагай бий” спектаклиндее Тагай бийдин образын жаратып, бир спектаклди толугу менен баштан аяк сүйрөгөн башкы каармандын  образын жаратып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланып келет. Мындан сырткары экинчи пландагы көптөгөн ролдордун жаратууда.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Осмонов Эржан Дуйшенбекович — фото 1
Осмонов Эржан Дуйшенбекович — фото 2
Осмонов Эржан Дуйшенбекович — фото 3
Осмонов Эржан Дуйшенбекович — фото 4