Кыргыз театрынын 100 жылдыгына карата Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында мамлекеттүүлүктү түптөгөн журт аталарынын улуу Манас эпосу менен байланышкан тагдырын баяндаган, автору жана режиссеру У. Баялиев "Чоң Казат" спектаклинин премьерасы 2026-жылдын 17-18-октябрында болуп өттү. Кезектеги премьера 2026-жылдын 5-6-ноябрында саат 18:30да болмокчу.
Манас – кыргыз элинин ру�
аний дөөлөтү, улуттук аң-сезиминин өзөгү, тары�
ый эс тутумунун түгөнгүс булагы. Улуу эпос азыркы Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө, алгачкы чек араларынын аныкталышына да зор таасирин тийгизген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн ар бири “Манас” эпосу менен өзгөчө байланышта болгон. И. Арабаев эпосту жыйноо жана кагазга түшүрүү иштерине жетекчилик кылса, К. Тыныстанов аны алгачкылардан болуп са�
нага алып чыккан. А. Сыдыковдун каймана аты “Манас” болгону жазылат. Ал эми Ж. Абдра�
мановдун өмүр жолу өзүнчө бир эпикалык дастанга тете.
“Чоң казат” – мезгилдер менен тагдырлар тогошкон, тары�
менен бүгүнкү күн астейдил жуурулушкан баян. Ар кыл доордо жашаган инсандар бир мейкиндикте кездешип, алардын тары�
ый бейнесинин артындагы адамдык дүйнөсү ачылат. Ой-толгоолору, сезимдери, үмүтү менен санаасы, ар бир пендеге мүнөздүү ички карама-каршылыктары көрүүчүнүн алдына тартууланат. Бул спектакль аркылуу биз татаал тагдырды башынан кечирген инсандардын жан дүйнөсүнө үңүлүп, аларды түйшөлткөн түбөлүктүү суроолорго кулак төшөп, жүрөк түпкүрүндөгү аруу тилектерин, ру�
аний умтулууларын аңдап билүүгө аракет кылабыз.
Катышуучулар жана аткаруучулар:
1. Жомокчу – Данияр Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
2. Жаш жомокчу – Баястан Бейшенбаев, арт.
3. Манас – Атай Өмүрбеков, арт., Өмүрбек Израилов, арт.
4. Алмамбет – Данияр Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
5. Бакай – Болорбек уулу Адыл, арт.
6. Чубак – Жылдызбек Касейинов, арт., Амангельди Шерикул уулу, арт.
7. Сыргак – Эржан Осмонов, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын лауреаты
8. Үч кыз – Нурзат Болотбекова, арт., Айсанат Эдигеева, арт., Гүлнара Сатарова, арт.
9. К. Тыныстанов – Бактияр Шаршенбаев, арт., Арген Карагулов, арт.
10. Ж. Абдра�
манов – Амангельди Шерикул уулу, арт.
11. И. Арабаев - Канболот Атакан уулу, арт., Адыл Болорбек уулу, арт.
12. А. Орозбеков – Өмүрбек Израилов, арт., Аскар Качкынбаев, арт.
13. А. Сыдыков –Мырзабек Жумагасы уулу, арт.
14. И. Айдарбеков – Болорбек уулу Адыл, арт.
15. Т. Айтматов – Арген Карагулов, арт., Бактияр Шаршенбаев, арт.
16. Мария Натонсон – Жаңылай Исакова, арт.
17. Дознаватель – Камчы Сарыбаев, КР Ардак грамотасынын ээси
18. Дознаватель – Арнис Кыдырмышев, КР Ардак грамотасынын ээси
19. Хадича – Кеңешбек кызы Арайлым, арт., Бекмурат кызы Нускайым, арт.
21. Адалат – Айсанат Эдигеева, арт.
22. Абышка – Аскар Качкынбаев, арт.
23. Кыз – Ма�
абат Асанбекова, арт.
24. Биринчи бала – Умар Мудунов, арт.
25. Экинчи бала – Баястан Бейшенбаев, арт.
26. Хава�
ан – Мээрим Касаболотова, арт.
27. Жанара Борисова, арт.
Коюучу топ:
Режиссер коюучу – Уланбек Баялиев
Сүрөтчү коюучулар – Юлдаш Нурматов, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Садыр Ниязакунов, Руслан Жунусалиев
Жарык берүү боюнча сүрөтчү – Макаров Арсений Геннадьевич
Режиссердун ассистенти – Өмүрбек Израилов
Режиссердун пластика боюнча ассистенти – Жаңылай Исакова
Режиссердун жардамчысы - Эльвира Жумалиева
Костюм боюнча сүрөтчү – Мария Аблакова
Композитор – Алмаз Куланбаев
Музыка берүүчү – Абды Осмонов
Жарык берүүчү – Арген Айдаралиев
Видеого тартуу – Баястан Бейшембаев, Умар Мүдүнов, Айтаалы Кочкоров.