Бообекова Турганбүбү
Туулган күнү: 15 июля 1948
Туулган жери: Ысык-Көл облусунун Балыкчы районунда, Ак-Өлөң айылында төрөлгөн.
Өмүр баяны
Бообекова Турганбүбү, КР эл артисти
15.07.1948-ж. Ысык-Көл облусунун Балыкчы районунда, Ак-Өлөң айылында төрөлгөн. А.В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык институтунун (ГИТИС) «актер драма жана кино» адистигин алган.
1972-жылдан 93-жылга чейин Ош кыргыз драма театрын негиздеген актриса болгон. 1976-жылы Республикалык «Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү» медалы. 1978-жылы Москвадагы отчеттук гастролдо Кыргыз ССРнын Жогорку Советинин «Ардак Грамотасы» менен сыйланган.
1988-жылы 27 март театр күнүнө карата өткөрүлгөн фестивалда Н.Лесковдун “Мцен аймагындагы айым Катерина Измайлова” –Сонетканын образына, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун «жылда аялдын образын мыкты түзгөндүгү үчүн» деген лауреаттык Диплом.
1989-жылы 27 март театр күнүнө карата өткөрүлгөн фестивалда М.Капаровдун «Туздуу чөл» -Рабиянын образына, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун «жылда аялдын образын мыкты түзгөндүгү үчүн» деген лауреаттык Диплом.
1991-жылы 27 март театр күнүнө карата өткөрүлгөн фестивалда Ж.Садыковдун «Ак мөөр» -Сонун жана Бүбүнүн образдарына, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун «жылда аялдын образын мыкты түзгөндүгү үчүн» деген лауреаттык Диплом.
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген артисти деген ардак наам берилген.
1994-жылы КУАДТга актриса болуп которулган.
1996-жылы Т.Абдумомунов атындагв КУАДТгы алдындагы Театралдык окуу жайында мугалим болуп ушул мезгилге чейин иштейт.
1999-жылы «Нооруз-99» Эл театралдык фестивалында Т.Абдумомуновдун «Машырбек үйлөнөт» спектаклинде «Кекелейдин образын эң мыкты жогорку чеберчиликте жараткандыгы үчүн» -Кыргыз Республикасын билим жана маданият министрилигинин Дипломун жана акчалай сыйлыгы менен сыйланган.
2002-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда «улуу окутуучу» болуп иштеп келе жатат. Анын окуучулары азыркы учурда Кыргыз театрылындарында үзүрлүү эмгектенип жатышат.
2006-жылы КР Маданият жана Маалымат министрлигинин «Ар грамотасы» менен сыйланган.
2007-жылы КУАДТнын 80- жылдык юбилейинде КУТРКнин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
2008-жылы Екатеринбург шаарында өткөн 31 театр катышкан «Коляда Plays» Эл аралык театралдык фестивалында «Аялдын мыкты ролу» -номинациясынын жеңүүчүсү болгон.
2008-жылы Н.Коляданын «Кымбатым» моно спектаклининдеги Эненин – Аялдын ролун эң мыкты аткарганыдыгы үчүн «Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты» алган.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «билим берүү отличниги» менен сыйланган.
2011-жылы КР эл артисти наамына ээ болгон.
Ушул 42 жыл ичинде ар кыл жанрдагы, ар түрдүү жаштагы, ар кандай доордогу 70ке жакын образдарды жараткан. Т. Бообекова 1972-ж. бери М.Горький «Акыркылар» -Вера, А.Чехов «Ак чардак» -Полина Андреевна, А.Дыйканбаев «Мүрөктүн суусу»- Шербет, К.Симонов «Биздин шаардык жигит» -Женя, А.Токомбаев «Күндүн чыгышы» -Телефонистка, А.Баранго, «Коомдук пикир» -Отиллия, К.Жантошев «Курманбек” -Гүлгаакы, Б.Омуралиев «Жаңырык» -Умай эне, Ч.Айтматов «Ак кеме» - Бекей, М.Горький «Түпкүрдө» -Наташа, Б.Жакиев «Миң кыял» -Кемпир, А.Вампилов «Тун уул» -Нина, Г.Хугаев «Андро менен Сандро» -Кошар, М.Сейталиев «Бегайым» -Эне. Софокл «Электра» -Христемид, Т.Сыдыкбеков «Биздин замандын кишилери» -Зарыл, Т.Абдумомунов «Алдар Көсөө» -Эркайым, Н.Байтемиров «Кычан” -Кычандын энеси, Н.Мирошниченко «Үчүнчү муун» -Ева Мюллер, В.Вампилов «Өткөн жайда Чулимскиде» -Кашкина, Б.Жакиев «Жолугушуу»- Жеңеси, Н.Байтемиров «Баланын бары да балээ, жогу да балээ» -Шамал, Ч.Айтматов «Фудзиямадагы кадыр түн» -Анвар, Ж.Абдыкадыров«Шылуундар» -Татына кыз, Ж.Садыков «Толубай сынчы» -Айжан, М.Гапаров «Туздуу чөл» -Рабия, Н.Лесков «Мцень аймагындагы айым Катерина Измаиловна» -Сонетка, Э.Эрматов «Жаңыл Мырза» -Азбүбү, А.Володин «Кескелдирик»-Алакачкандын энеси, М.Борбугулов «Барпы ырчы» -Лейлихан, Ч.Айтматов «Бетме-бет» -Эне, Ж.Садыков «Эр Төштүк» -Кенжеке, Н.Островский «Текшерүүчү» -Унтер офицердин жесири, М.Гапаров «Кар алдындагы алчалар» -Мэри Мусаевна, М.Гапаров «Аялдар деңизи» -Сур эчки, Друце «Ыйыктын ыйыгы» -Секретарша
М.Ауэзов «Кара көз» -Тектуу, Ж.Садыков «Ак Мөөр»-Сонун, А.Дыйканбаев «Жазайымдын Актаны» -Бачайым, А.Дыйканбаев «Кыргын» -Айжан, А.Гельман «Скамейка” -Вера, .Л.Разумовская «Кымбаттуу Елена Сергеевна» -Елена Сергеевна, Б.Жакиев «Атанын тагдыры» -Оңолкан, Ж.Садыков «Адам жана Азезил» -Аял, Ш.Шаршеев «Алиман апанын жомогу» -Жалкоо шайтан, Р.Оторбаев «Абуталип апенди» -Анфиса, Т.Абдумомунов «Кимдин кимдин заманы, Машырбектин заманы» -Кекелей, М.Тойбаев «Эрте өчкөн жылдыз» -Белимчи кемпир, Т.Уильяме «Кыялым азабым» -Гүл саткан аял жана Надзиратель, К.Зарлыкова «Сибирь челноктору» -Дүрдана Дүрбөлөңовна, Т.Касымбеков «Курманжан датка» -Кемпир, А.Паронян «Багдасар аке» Саломэ, С.Ахмед «Күйөө бала» -Зебиниса, Н.Коляда «Кымбатым» (моноспектакль) -Аял-эне, У.Шекспир «Антоний менен Клеопатра» -Мардиян
Э.Ионеско «Макбет» -Дункан айым, Ю.Дамскер “Күүгүм” – Наташа Э.Эфендиев “Рахмат, сага Шекспир” – Эрди-катын, Брехт “Өлөрман эне жана анын балдары” – Жарадар аял, кемпир, Ф. Дюрренматт “Картаң айымдын келиши” – Ж.Садыков “Төлгө” – Кошокчу сыяктуу кайталангыс образдары бар. Ошондой эле 2023-жылы өзүнүн 75 жылдыгына арналып режиссер Ш.Дыйканбаев тарабынан сахналаштырылган Г.Лорканын “Бернарда Албанын үйү” спектаклинде Бернарданын образын жаратты.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү