Сыдыгалиева Анара

Сыдыгалиева Анара

Актёр

Туулган күнү: 21 мая 1953

Туулган жери: Ош облусу

Өмүр баяны

КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Эргүү” улуттук театр сыйлыгынын лауреаты. Анара Сыдыгалиева театрда иштеген 46 жылдын ичинде өзүнүн өзгөчө чыгармачылык жүзүн көрсөтүп, башкаларга окшобогон оригиналдуу, ар тараптуу, чыгармачылык диапазону кең актриса экенин далилдеди. Ал жараткан образдардын ичинен КУАДТнын театралдык студиясында окуп жүргөндө эле Т.Габбенин “Альманзордун сыйкырдуу шакектери” спектаклинде (1974-ж.) Бакен Кыдыкеева менен Канышаны эки состав болуп иштешүүдөн башталган. Нарын облусттук М.Рыскулов атындагы музыкалуу- драма театрында “Алакандай жер” спектаклинде (1980-ж.) башкы ролду ойноп, чоң резонанс жараткан. Андан кийин ушул сахна коллективинде “Добул” спектаклинде Катеринаны мыкты ойноп, көрүүчүлөрдүн эсинде калган.

          А.Сыдыгалиева жарым кылымда чапчыган чыгармачылык жолунун ичинде сексенге жакын роль ойногон. Ар бир жолу чыгармачылык чоң ийгиликтерди багындырган. Айрыкча, ал жараткан Эркайым (“Ак боз ат”) Күлүсүн (“Кыз күйөө”) сыяктуу образдар Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын сахнасында 10 жылдап ийгиликтүү көрсөтүлгөн. Буга кошумча “Манастын уулу Семетей” – Каныкей, “Сейтек” – Чачыкей, “Ханума”  - Ханума сыяктуу этаптуу ролдору элдин эсинде калды.

          А.Сыдыгалиеванын көп жылдык чыгармачылык байсалдуу жолунун акыбети 2015-жылы кайтты. Ал ушул аталган жылдын аягында “Саманчынын жолу” спектаклинде Толгонайдын ролун трагедиялуу бийиктикке жеткире ойногону, кыргыз журтчулугу, көрүүчүлөрү үчун өтө чоң окуяга айланды. “Саманчынын жолу спектакли” кыргыз театрынын тарыхында биринчи жолу “Эргүү” улуттук театр сыйлыгынын алты номинациясына ээ болгон спектакль болсо, ошол абройлуу сыйлыктын бири Толгонайдын образы үчүн А.Сыдыгалиеванын (“Аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн” номинациясы боюнча) шыбагасы тийген. 

Ошондой эле Анара Сыдыгалиева 2022-жылы  “Саманчынын жолу” спектаклиндеги Толгонайдын образын мыкты жараткандыгы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон.

Таланттуу актриса кыргыздын улуттук киносунун ондогон фильмдеринде кайталангыс ролдордун галереясын жараткан.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Сыдыгалиева Анара — фото 1
Сыдыгалиева Анара — фото 2
Сыдыгалиева Анара — фото 3
Сыдыгалиева Анара — фото 4