Бекболиев Эгемберди Жайлобекович
Туулган күнү: 20 мая 1955
Туулган жери: Чүй областынын Панфилов районунун Букара айылында төрөлгөн.
Өмүр баяны
Бекболиев Эгемберди Жайлобекович, КР эл артисти
1955-жылы 20-майда Чүй областынын Панфилов районунун Букара айылында төрөлгөн.
1972-жылы Кыргыз мамлекттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайына кирип, 1976-жылы бүтүргөн.
1973-75-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1982-жылы Ташкенттеги Н.Островский атындагы театралдык көркөм институтуна которулуп, 1990-жылдагы кыргыз-өзүбек жаңжалы чыккан Ош куясына байланыштуу Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, кийин 1993-жылы аны ийгиликтүү бүтүрүп чыгат.
Бүтүрүп гана тим болбостон, ушул күнгө чейин институттун актердук бөлүмүндө актердук чеберчиликтен сабак берет.
Эгемберди академиялык драма театрына кирген алгачкы учурдан тартып эле, өзүнө чейинки улуу муундагы артисттер ойногон бир нече ролдорду дароо аткара баштайт.
Алып айтсак, орус жана дүйнөлүк классикадан: Лопе де Вега «Бий мугалими» -мугалим, В.Шекспир «Ричард III» -Хестинге, А.П.Чехов «Алчалуу бак» -Трофимов, А.Макаенок «Трибунал» -Володя, Н.Погодин «Кремль куранттары» -Дзержинский, Т.Абдумомунов «Абийир кечирбейт» -Нурдин, Ч.Айтматов «Кылым карытар бир күн» -Эдилбай, «Сары-Өзөктөгү жаза» -Абуталип, Ж.Садыков «Айкөл Манас» -Сыргак, «Манастын уулу Семетей» - Абыке, «Адам жана Азезил» - Жебирейил, М.Байжиев «Кыз-Күйөө» -Эркин, «Кожожаш» - Алабаш-Теке, С.Сарыгулов «Убалым уктатпасын» - Орунтай, М.Тойбаев «Өчпөс жылдыз» - Габидулин, Ж.Кулманбетов «Кагылайын Манасым» - Календер, М.Гапаров «Туздуу чөл» - Кытаев, Т.Касымбеков «Курманжан датка» - Скобелев, ж.б
1986-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиьирген артисти» деген ардактуу наамга татыктуу болгон. 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилеген учурда, Манас тууралуу спектаклдерде образдарды жогорку көркөм деьгээлде жаратканы үчүн жана 1000 жылдык юбилейге активдүү катышкандыгы үчүн «Манас 1000» медалы менен сыйланган.
Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган «Саманчынын жолу» -Субанкул, «Коммунист Танабай» - Самансур, «Сары өзөгтөгү жаза» -Абуталип, «Кылым карытар бир күн» -Эдилбай, «Сократты эскерүү түнү» -Алымов ж.б. ролдорун ойногон. Режиссер катары «Ак кеме» повести боюнча «Арыба ак кеме» спектаклин койгон.
А.Осмоновдун юбилейлик кечесинде «Мээрим» фондусу уюштурган «Алтын балалык» фестивалында театрлаштырылган кечеде режиссер катары иштеп, өзүнүн көп кырдуу чыгармачыл инсан экенин далилдеген. Театрда сахналаштырган Р. Отарбаев \"Тагдыр\", Ж. Сарман \"Мамурэ\" сыяктуу көптөгөн спектаклдердин режиссеру.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү