Сыдыкбаева Джамиля Асейиновна

Сыдыкбаева Джамиля Асейиновна

Актёр

Туулган күнү: 27 декабря 1948

Туулган жери: Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында төрөлгөн.

Өмүр баяны

27.12.1948-ж. Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында төрөлгөн.1967-1972-ж.ж. Москвадагы Луначарский атындагы ГИТИСти бүтүргөн.1972-1979-ж.ж. Ош кыргыз драмтеатрында артист болуп иштеген жана көркөм кеңештин мүчөсү, жергиликтүү комитеттин катчысы болгон. 1979-ж. бери КГАДТда, азыркы КНАДТда артист болуп иштейт. Үч жыл көркөм кеңешке мүчө болгон. 1974-1976-ж.ж. эки жолу Ош шаардык Кеңешке депутат болуп шайланган. 1978-ж. Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен сыйлаган. 1994-ж. «Эмгек сиңирген артист» наамын алган.1997-ж. Президенттик стипендияга татыган. 2009-ж. «КР эл артисти» наамын алган.

Ролдору:

Балакаев «Эненин жүрөгү»-Сары шайтан, Эшманбетов «Эгиз бала» -Асель, Думбадзе «Мен күндү көрүп турам»-Хатия, Касенов «Алда жаш жубайлар-ай!»-Зуураш, Абдумомунов «Абийир кечирбейт!»-Шайыргүл, Абдулин «13-башкарма» -2-заседатель, Саид Ахмед          «Келиндер козголоңу» -Нигара, Гоголь «Өлүү жандар»-Прошка, Шекспир «Ричард III»-Леди Анна, М.Байжиев «Алтынчы күнү кечинде»-Күкүш, М.Байжиев          «Он экинчи күн»-Эне, Б.Өмүралиев «Тагдырдын өгөй балдары» -Шамиль, Стратиев «Автобус» -Аял, Гельмак «Акыркы кирген киши» -Вера, Ж.Садыков          «Сейтек»-Айчүрөк, К.Мамбетакунов «Омар хайямдын махабаты» -Эльпи, Ч.Айтматов «Ак кеме”-Кемпир, В.Дельмар «Эртеңки күнгө орунду бошот» -Нелли, К.Акматов «Ажырашуу  түнү»-Майрам, А.Куросава        «Дөңгөлөк добушундагы турмуш»      - Кацуко, Н.Байтемиров «Уркуя”-Дүрдана, Р.Ибрагимбеков «Петрарканы окуганда»-Аялы, Ч.Айтматов  «Саманчынын жолу» -Жэр Эне, М.Гапаров «Туздуу чөл» -Рабия

Абдумомунов «Жоробайдын жоруктары» -Рапия, Цагарели «Ханума»-Кабато

Э.Эрматов «Жаңыл Мырза»-Азбүбү, Ж.Садыков «Адам жана Азезил»-Кемпир, Чекиров «Куйручук» -Бегайим, В.Шекспир  «Ромео менен Джульетта»-Леди Капулетти, К.Сактанов«Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам»-Джамиля, А.Исмаилова «Махабат жана өлүм»-Тынайым, Дудук, М.Байжиев «Кыз күйөө» -Сот-эне, К.Акматов «Азаттыгым-арманым»-1-келин, О.Уайльд «Саломея-Иродиада, жена Тетрорха, К.Зарлыкова  «Сибирь челноктору» -Баба Маша, М.Байжиев «Узак, сапардагы поезд» -Батмакан, Б.Жакиев «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” -Сыпайы кемпир, Н.Хикмет «Унутулган адам» -Ак жуумал, А.Менчелл “Өмүр күзү” –Т.Абдумомунов “Карагул ботом” – Сынык мүйүз.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Сыдыкбаева Джамиля Асейиновна — фото 1
Сыдыкбаева Джамиля Асейиновна — фото 2
Сыдыкбаева Джамиля Асейиновна — фото 3
Сыдыкбаева Джамиля Асейиновна — фото 4