Алсеитова Шайгүл Токтакуновна
Туулган күнү: 1 января 1954
Туулган жери: Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Ново-Вознесеновка айылында төрөлгөн
Өмүр баяны
Алсеитова Шайгүл Токтакуновна, КР эл артисти.
1954-жылы 1-январда Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Ново-Вознесеновка айылында төрөлгөн. Кичинесинде чоң энесинин тарбиясын алып, Манас, кыргыздын чыгармалары менен тарбияланып, чыгармачыл чөйрөнүн инсаны болуп калыптанган. Кичинесинде уккан жөрөлгө, салт-санаа, кыргыздын нукуралуугу, маданияты, адабияты аны кыргыз маданиятына кайдыгер каратпай, театр дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө түркү болгон. 1971-жылы орто мектепти бүтүрүп, 1973-ж. Кыргыздрамтеатрынын алдындагы театралдык студияга тапшырып, аны 1975-ж. бүтүргөн. Ушул эле жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык көркөм институтуна кирип, 1979-ж. артыкчылык диплому менен аяктаган. 1979-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында эмгектенип келе жатат. Алсеитова Шайгүл өзүнүн 30 жылга жакын чыгармачылык жолунда кыргыз драматургиясынан баштап, дүйнөлүк классикада көптөгөн ар кыл мүнөздөгү образдарды жаратты. Этаптуу ролдору: Ж.Садыковдун «Айкөл Манас» -Каныкей, «Сейтек» -Айүрөк, М.Байжиевдин «Кыз күйөө» -Гүлсүн, «Кожожаш» -Сур эчки, В.Шекспирдин «Антоний менен Клеопатра» -Клеопатра, А.Исмаилова «Махабат жана өлүм» -Тынайым.
Эгемендъълъктън 10 жылдыгында театрлаштырылган оюн-зоокто Каныкей жана Курманжан датканын ролдорун аткарган.
1995-ж. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардак наам ыйгарылган.
Кыргызстан Аялдар конгрессинин мүчөсү. Аялдар кыймылына жана өлкөнүн коомдук турмушуна жигердүү жана үзүрлүү катышкандыгы үчүн Кыргызстан Аялдар конгрессинин Грамотасы менен сыйланган.
В.Шекспирдин «Антоний менен Клеопатра» спектаклинде Клеопатранын образын жаратканы үчүн Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыкка ээ болгон ж.б. көптөгөн грамота, дипломдордун ээси.
Ойногон ролдору:
- «Эненин жүрөгү» Балакаев -Бакшы кемпир
- «Өлүү жандар» Н.Гоголь -Мавра
- «13-председатель» А.Абдулов -Кадрия
- «Жаңырык» Б.Өмүралиев -Сары келин
- «Алчалуу бак» А.Чехов -Варя
- «Келиндер козголоңу» С.Ахмад -Лутфи
- «Кыз күйөө » М.Байжиев -Гүлсүн
- «Тагдырдын өгөй балдары» Б.Өмүралиев -Саадат
- «Уркуя» Н.Байтемиров -Гүлайым
- «Алтынчы күнү кечинде» Н.Байтемиров -Сайраш
- «Ричард III» У.Шекспир -Елизавета
- «Жаш гвардия» Фадеев -Н.Тюленина
- «Жаш жубайлар» М.Касенов -Зуураштын элеси
- «Кылым карытар бир күн» Ч.Айтматов -Айзада
- «А дальше тишина» Дельмар -Нелли, Кэти
- «Айкөл Манас» Ж.Садыков -Каныкей
- «Сейтек» Ж.Садыков -Айчүрөк
- «Ханума» Цагарели -Текле
- «Жоробайдын жоруктары» Т.Абдумомунов -Адалат
- «Махабат жана өлүм» А.Исмаилова -Тынайым
- «Кожожаш» М.Байжиев -Сур эчки
- «Кыз күйөө» М.Байжиев -Сот, Эне
- «Машырбек үйлөнөт» Т.Абдумомунов -Упайна
- «Толгоо» Ж.Өзүбекова -Мистекан
- «Биздин үй-бүлөө» О.Эркинбаева -Жумаш
- «Бүттү быйыл күйөөгө чыгам» К.Сактанов -Шайыр, Күлүйпа
- «Куйрйчук ата кайдасың» А.Чекиров
- «Курманжан датка» Т.Касымбеков, К.Сактанов -Кемпир
- «Ормон хан» Ж.Садыков -Кара кийген аял
- «Куурчакты өлтүргүлө же Г.Гапарова,
кызганчаак аялдардын кечи» М.Гапаров -Сайра
- «Б.Кыдыкеева жүнүндө пьеса» Кыштообаев -Жер эне
- «Тил табышкандар» М.Байжиев -Болдукан («Учур» театры)
- «Унутулган адам» Н.Хикмет -Актриса
- «Эгиз бала» Ш.Садыбакасов -Асель, Куу кемпир
- «Узак сапардагы поезд» М.Байжиев -Батмакан
- «Проделки Жоро» М.Тойбаев -Алмадай, Жоронун апасы
- «Сказание о Манасе» М.Байжиев -Чыйырды, Каныкей
- «Бий мугалими» Лопе де Вега -Фелисьяна
- «Абийир кечирбейт» Т.Абдумомунов -Медсестра
- «Ванюшиндин балдар» А.Найденов -Клавдия
- «Антоний жана Клеопатра» У.Шекспир -Клеопатра
- “Коркут ата” К.Иманалиев -Коркуттун энеси
- “Үркүн” Б.Жакиев -Уйун уурдаткан кемпир
- “Күйөө бала” С.Азмад -Сайора
- “Шанель айым” Н.Коляда -Сайрагүл Абазовна
- Ф. Зеллер, К. Акматов, М. Байжиев \"Эне\" - Эне
- К.Иманалиев \"Акыркы кат\" - Бану
Катышуучу спектаклдер
(1)Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү