Кыргыз профессионал театрынын түптөлгөнүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында "Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Анда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Акыркы кат” спектакли көп ийгиликтерди багындырды. спектаклдин режиссеру, КР эл артисти Уланмырза Карыпбаев “Акыркы кат” спектаклинин режиссурасы үчүн "Эң мыкты режиссура" номинациясын жеңип алды.