Кыргыз профессионал театрынын түптөлгөнүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында "Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Анда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Акыркы кат” спектакли көп ийгиликтерди багындырды. КР эл жазуучусу Кайрат Иманалиевдин Кара кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгына, Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун жана анын жубайы Нагима Айтматованын 120 жылдык мааракесине арналган драмасы "Эң мыкты улуттук пьеса" деп табылды.