Кыргыз профессионал театрынын түптөлгөнүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында "Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Анда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын башкы сүрөтчүсү Садыр Ниязакунов К. Иманалиев “Акыркы кат” спектаклинин сценографиясы үчүн "Эң мыкты сценография" номинациясынын жеңүүчүсү болуп табылды.