Кыргыз профессионал театрынын түптөлгөнүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында "Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Анда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру Камчыбек Сарыбаев К. Иманалиев “Акыркы кат” спектаклиндеги Таңсыкбаевдин ролу үчүн "Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн" номинациясынын жеңүүчүсү болду.