Кыргыз профессионал театрынын түптөлгөнүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында "Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Анда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын К. Иманалиев “Акыркы кат” спектаклиндеги Айымкандын ролу үчүн КР эл артисти Калича Сейдалиева "Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн" номинациясын жеңип алды.