Каниметова Гүлайым Кызайбаевна

Каниметова Гүлайым Кызайбаевна

КР эл артисти

Туулган күнү: 6 мая 1949

Туулган жери: Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тасма айылында туулган.

Өмүр баяны

Каниметова Гүлайым Кызайбаевна

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы Манас орденинин ээси.

Гүлайым Кызайбаевна 1949-жыл 6-майда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тасма айылында кызматкерлердин үй-бүлөсүндө туулган.

         1965-66-жж. Каракол шаарындагы Киров орто мектебин бүтүрүп, 1967-жылы Бишкек шаарында М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын вокалдык бөлүмүнүн 2-курсун бүтүргөн. 1967-жылы Москва шаарындагы А. В. Луначарский атындагы театралдык академиянын актердук бөлүмүн 1972-жылы бүтүрүп, ошол бүтүрүүчүлөр Ош кыргыз драма театрынын пайдубалын түптөшкөн. 1972-жылдан 1992-жылга чейин С. Ибраимов атындагы Ош областтык Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет. 1992-1994-жж. Чүй областтык Шаршен Термечиков атындагы куудулдар театрында иштеген.

1994-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келе жатат. 1978-жылы Ош кыргыз драм театры Москва шаарындагы атактуу Кичи театрында чыгармачылык отчеттук гастролго барып жыйынтыгында 1978-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам ыйгарылган.

         22-август 1986-жылы «Эмгектин артыкчылыгы» деген медаль менен сыйланган. 1989-жылы «Нооруз-89», Орто Азия жана Казахстан театралдык фестивалында Н.Лесковдун «Мцен аймагындагы айым Макбет» спектаклинде Катерина Измайлованын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Гран-При жана «СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов» атындагы сыйлыктын лауреаты менен сыйланган.  

1991-жылы 26-августта «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам ыйгарылган. 1995-жылы 31-августта Манас-1000 майрамында «Манас-1000» эстелик медалы менен сыйланган. Ош-3000 жылдык салтанаттуу майрамына арналган Т.Касымбеков, К.Сактановдун «Курманжан датка» спектаклинде Курманжан датканын ролу үчүн 6-ноябрь 2000-жылы Кыргыз Республикасынын «Ардак Грамотасы» менен сыйланган.

         2004-жылы «Курманжан датка» спектаклинде Курманжан датканын образын мыкты  түзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты деген наамга татыктуу болгон.

 2008-жылы «Арт-Ордо» театралдык III фестивалында Бишкек шаардык театрында Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести боюнча инсценировкаланган «Эсимде» спектаклинде Толгонайдын ролун,  «Аялдардын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн» Гран-приге ээ болгон. 2021-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

 

Аткарган ролдору:

Л. Дюрко, «Электра» - Электра 
М.Ауэзов “Каракөз” - Каракөз 
К.Маликов “Жаңыл мырза” – Жаңыл Мырза
Б.Жакиев  “Күттүргөн жаз да келээр” - Зейнеп 
Б. Жакиев “Жолугушуу” - Официантка 
Б. Жакиев “Эртең жаңы жыл” - Тамара 
И.Дреце “Ыйыктын ыйыгы” -  Мария
М.Горький “Түпкүрдө” - Настя 
У.Шекспир “Гамлет” - Гертруда 
М. Карим “Жөө Махмуд” - Замзагүл 
Б.Өмүралиев “Жүз катын” - Дарыйка 
М.Мамазаирова “Наристеге арналган гүлдесте” - Нуракова 
Ч.Айтматов “Бетме бет” - Сейде 
Ч.Айтматов “Делбирим” - Асель 
Ч. Айтматов “Фудзиямадагы кадыр түн” - Алмагүл 
Ч. Айтматов, \"Саманчынын жолу\", \"Эсимде\" деген ат менен коюлган Толгонай
Т.Абдумомунов “Ашырбай” - Калыйча 
Т. Абдумомунов “Жыгылган оогонго күлөт”  - Чүкөдөй 
Т. Абдумомунов, “Алдар көсө” - Сейдене 
Т. Касымбеков, К. Сактанов, \"Курманжан-датка\" - Курманжан 
Б.Брехт \"Өлөрман эне жана анын балдары” -  Өлөрман эне 

Ю.Дамскер “Күүгүм” – Актриса

Ж.Садыков “Төлгө” – Чыйырды

М.Карим “Ай тутулган түндө” – Тангабийке,

К.Иманалиев “Акыркы кат” – Нагима Айтматова ж.б.

        

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Каниметова Гүлайым Кызайбаевна — фото 1
Каниметова Гүлайым Кызайбаевна — фото 2
Каниметова Гүлайым Кызайбаевна — фото 3
Каниметова Гүлайым Кызайбаевна — фото 4