Абылов Күмөндөр Мукулович
Туулган жери: Нарын областындагы Тянь - Шань районуна караштуу Учкун айылында төрөлгөн
Өмүр баяны
Абылов Күмөндөр Мукулович, КР эл артисти
1958 – жылы 30 - августа Нарын областындагы Тянь - Шань районуна
караштуу Учкун айылында төрөлгөн.
1976 - 1978 жылдары Советтик Армиянын катарында, үйлөмө - аспаптар оркестринде кызмат өтөгөн.
1979 - жыл,Нарын областтык Муратбек Рыскулов атындагы Академиялык, музыкалуу драма театрынына музыкант.
1989 - жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр институтунда, «театр жана кино актёру» бөлүмүндө сырттан бир жыл окуган.
1993 - жылы 3 - декабрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам ыйгарылган.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти ардактуу наамы ыйгарылган.
2000 - жылдан баштап Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында актёр болуп эмгектенип келе жатат.
Алган сыйлыктары:
1983 – жылы 27 – мартта театр күнүнө карата, Токтоболот Абдумомуновдун “Борбаштын досу Камгакбай” спектаклинен Уйчу – Мамырдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн “Жылдын мыкты актёру” деген акчалай жана диплому менен сыйланат.
1984 – жылы 5 - майда обончулардын Нарын областтык кароосунда жакшы ырлары үчүн ЛКСМдын Нарын областтык камитети “Ардак грамота” менен сыйлайт.
1985 – жылы 29 – октябрда Нарын областтык обончулардын кароо конкурсунда активдүү катышкандыгы менен бирге “Апакем”деген ыры үчүн “Диплом” менен сыйланат.
1985 жылы Бүткүл Союздук Тбилиси шаарында өткөн эл аралык театр фестивалында Чынгыз Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” повести боюнча инсинировкаланган спектаклинде Анатайдын ролун ойноп катышып келген. Фестивалда спектакль экинчн оорунду алган.
1986 – жылы 27 – мартта театр күнүнө крата Нарын областтык аткаруу комитети тарабынын:” Ардак грамота” менен сыйланат.
1987 – жылы Москва шаарында өткөн Нарын театрынын декадасында Чынгыз Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” спектаклинде - Анатайдын, Цагарелинин “Ханума” спектаклинде – Тимотэнин ролдорун ийгиликтүү аткарган.
1988 – жылы 5 – мартта Кыргыз ССРинин Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмө комитети: Театр искусствосуна кошкон салымы үчүн “Диплом” менен сыйлайт.
1992 – жылы 20 – август Тянь – Шань районунун акимдиги жана Эл депутаттарынын райондук Кеңеши “Нарын жылдыздары” маданий майрамына карата: Театрга сиңирген эмгектери үчүн “Ардак грамота” менен сыйлайт.
1992 – жылы “Супер – Куудул – 92” куудулдар конкурсунда баш байгени жеңип алган.
1993 – жылы 3 – декабрда “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам алган.
1995 – жылы 2 – ноябрда “Мыскыл жана тамаша” оюн – зоок программасына кошкон салымдары үчүн Кыргыз Мамилекеттик телерадиокорпорациясынын президенти: “Ардак грамота” менен сыйлайт.
1996 – жылы 4 - мартта Казак Республикасынын “Кудайберген” театр студиясы эл аралык тамаша фестивалында: Биринчи оорунду алгандыгы үчүн биринчи даражадагы” Диплому” менен сыйлайт.
2001 – жылы 27 – мартта Кыргыз Республикасынын билим илим жана маданиятминистирлиги тарабынан театр күнүнө карата: Театр искусствосунун өсүүсүнө кошкон салымдары үчүн” Ардак грамотасы” менен сыйланат.
2002 – жылы Россия Федерациясынын Красноярский шаарынын калк аралык борборунун жана “Доступ”жергилиетүү коомдук мекемеси тарабынан: Элдердин достугун бекемдөөдө кошкон салымы үчүн “Диплом” менен сыйлайт.
2006 – жылы 27 – январда Кыргыз милициясынын 80 жылдыгына карата: Аларга маданий жактан колдоо көрсөтүп, бирге иш алып баргандыгы үчүн: “Кыргыз милициясына 80 жыл юбилейлик медалы” менен сыйланат.
2009 – жылы Россия Федерациясынын Сургут шаарынын шаар башчысы тарабынан Сургут шаарынын күнүнө карата өткөрүлгөн элдик майрамына Сургут шаарындагы Кыргызстандыктар менен катышып: Элдик маданияттын сакталышына салым кошкондугу үчүн “ Диплом” менен сыйланат.
2009 – жылы 25 – декабрда Кыргыз Ички Аскерлер командованиеси тарабынан: Биргелешип, маданий иш чараларды жигээрдүү алып баргандыгы үчүн: Аскердик каармандык белгиси менен, “Айбат” медалы менен сыйланат.
2010 – жылы 6 – апрелде Америка Кошмо Штаттарындагы Кыргыз Америка коомунун атынын: Четте жүрүшкөн кыргыз жарандарын патриоттуулука үндөп, жакшы концерттик программасын тартуулагандыгы үчүн ыраазылык баракчасына арзыган.
2010 – жылы 10 – февралда “Кыргыз Караван” гезити тарабынан уюштурулган “ Жылдын адамы – 2009 сынагы алкагында “Жылдын мыкты куудулу” наамын ыйгарат.
2010 – жылы 24 – апрелде Нарын облусунун Мамлекеттик
Администрациясынын башчылыгынын губернаторунун милдетин аткаруучусу тарабынан: Республикабыздын маданий жана руханий турмушундагы алгылыктуу иштерди жүргүзүүдөгү эмгегиңизге деген ыраазычылык кат жолдонулган.
2010 – жылы 24 – апрелде Нарын шаардык мэриясынын жана депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин “Адак грамотасы” менен “Жаш таланттар” кароо сынагына колдоо көрсөтүп, шаардык маданий - массалык иш – чараларына активдүү катышкандыгы үчүн сыйланат.
Театрдагы ойногон ролдору
- 1979-ж. Т. Ахтанов. “Күч күйөө” - Тюрянчик.
- 1979-ж. Б. Өмүралиев. “Жолчубектин көпүрөөсү” - Орузбай.
- 1979-ж. В. Шекспир. “Виндзордук ойсекелер” - Малай.
- 1980-ж. К. Мамбетакунов. “Үкөй” - Жуучу.
- 1980-ж. А. Таган. “Кайнене” - Аппаратчан адам.
- 1981-ж. А. Паронян. “Багдасар аке” - Семиз сот - Пайлак.
- 1981-ж. М. Тойбаев. “Жашыл жалбырак” - Майлыбаш.
- 1982-ж. П. Бомарше. “Фигаронун үйлөнүшү” - Бридаузон сот.
- 1982-ж. Ж. Садыков. “Табалды Пудовкин” - Надзиратель.
- 1982-ж. Н. Исламов. “Бактиярдын ыры” - Махмуд - Улак.
- 1982-ж. М. Гапаров. “Дариянын шоокуму” - Колдош.
- 1983-ж. Б. Васильев. “Тизмеге кирбей калгам” - Немец жоокер.
- 1983-ж. Т. Абдумомунов. “Борбаш” - Уйчу - Мамыр.
- 1983-ж. М. Тойбаев. “Талаа гүлдөрү” - Самат.
- 1983-ж. Ф. М. Достоевский. “ Кылмыш жана жаза” - Кошуна.
- 1984-ж. Ч. Айтматов. “Эрте жаздагы турналар” - Анатай.
- 1984-ж. Э. Леман. “Вестсайд окуясы” - Риф.
- 1985-ж. С. Сарыгулов. “Куу дөңгөч” - Апсамат.
- 1985-ж. В. Виткович.
- А. Соловёв. “Кожо Насреддин” - Сүткор - Жафар.
- 1986-ж. М. Жакыпов. “ Болот калкан” - Сидоровчу.
- 1986-ж. Ж. Садыков. “Күйөө жолдош” - Шаршен Термечиков.
- 1986-ж. Ж. Садыков. “Күйөө жолдош” - күйөө бала Шаамурза.
- 1986-ж. А. Цагарели. “Ханума” - Тимотэ.
- 1987-ж. В. Шекспир. “Король Лир” - Чабарман.
- 1987-ж. К. Мамбетакунов. “Боз бойдок” - Боз бойдок.
- 1988-ж. С. Раев. “Күн кармаган бала” - Базыстын улуу баласы.
- 1989-ж. И.Бактияров. “Кечир Ак жылаан” - Шофёр.
- 1989-ж. С. Алтымышев. “Куу тумшук” - Куу тумшук.
- 1990-ж. В. Шукшин. “Мас канадагы таржымакал” - Сибиряк.
- 1991-ж. Б. Жакиев. “Жаза” - Профком.
- 1992-ж. С. Ахмад. “Күйөө бала” - Күйөө жолдош - Жоробай.
- 1993-ж. К. Мырзалиев. “Алдар көсө” - Алдар көсө.
Алдар көсө спектаклинин коючу режиссеру, музыкасын жазган жана Алдар көсөнүн ролун ойногон да өзү болгон.
Бишкеке келип, Улуттук Академиялык драма театрында иштеген мезгилден берки ролдору:
- 2000-ж. В. Шекспир. “Кароль Лир” - Освальд.
“Король Лир” спектакли менен Татарстанга, Турцияга -эки жолу театралдык фестивалга барып келген. Гран-Приге ээ болуп келишкен.
- 2000-ж. М. Байжиев. “Антоний менен Клеопатра” - Дарыгер.
- 2001-ж. А. Шницлер. “Сүйүү айлантмасы” - Министр.
- 2001-ж. А. Шницлер. “Сүйүү айлантмасы” - Акын.
- 2001-ж. А. Шницлер. “Сүйүү айлантмасы” - Абышка.
- 2002-ж. Ж. Садыков. “ Ормон хан” - Тынаалы - тыңчы.
- 40. 2003-ж. Ж. Садыков. “Курманжан Датка” - Шады - Ынак.
- 2004-ж. Ж. Садыков. “Манастын уулу Семетей” - Желдеңбай.
- 2005-ж. Т. Абдумомунов. “Алдар көсө” - Алдар көсө.
“Алдар Көсө” спектакли менен Турцияга театралдык фестивалга барып келген.
- 2006-ж. А. Паронян. “Багдасар аке” - Багдасар аке.
44. 2007-ж. С. Ахмад. “Күйөө бала” - Күйөө жолдош - Жоробай.
45. К.Акматов “Азаттыгым арманым” -Жасоол
46. Людмила Богачёва \"Феншүй\" - Паша
Кинодогу ролдор.
- 1983-ж. “Ак илбирстин тукуму” - Эр сайышка түшкөн жигит.
- 1088-ж. “Жаралуу үчүн курман болуу” - Бекнияздын жигити.
- 1989-ж. “Кербез” - Арзымат.
- 2004-ж. “Айыл - Өкүмөтү” - Айыл - Өкүмөтү.
- 2006-ж. “ Юридикалык консультация” - Айыл - Өкүмөтү.
- 2007-ж. “Белгисиз маршрут” - Милиционер.
Мыскыл жана тамашадагы өзү жазып аткарга сатиралары, интермедиялары, монологдору.
- “ Мергенчилик” ( монолог)
- “ Эркектерге эскертүү” (монолог)
- “ Аялыма отчётум” ( монолог)
- “ Өнөрпоз” ( интермедия)
- “ Империализм” ( монолог)
- “ Окшошуп атпайбы” ( интермедия)
- “ Тараканлар” ( монолог)
- “ Султанаалы сенсиңби?” ( интермедия)
- “ Кошок” ( интермедия)
- “ Чечинип кел” ( интермедия)
- “ Биринен бири өтөт” ( интермедия)
- “ Мен акынмын” ( монолог)
- “ Итервью” ( интермедия)
- “ Чабарман” ( интермедия)
- “ Токой” ( интермедия)
- “ Эки ит” ( интермедия)
- “ Карыз” ( интермедия)
- “ Тиштеткен неме” ( интермедия)
- “ Немистер” ( интермедия)
- “ Налоговик менен пенсионер” ( интермедия)
- “ Жаш бөлүштүрүү” ( монолог)
- “ Ырыскы бөлүштүрүү” (монолог)
- “ Майыптар” ( интермедия)
- “ Мен мактанбайм” ( монолог)
- “ Ата бала” ( интермедия)
- “ Эки сокур” ( интериедия)
- “ Балыкчы менен ГАИ” ( интермедия)
- “ Таксист” ( интермедия)
- “ Дудук Алтымыш” ( интермедия)
- “ Чапан соодасы” ( интермедия)
- “ Итин угузуу” ( интермедия)
- “ Таможенная” ( интермедия)
- “ Качкыла электрик келатат” ( интермедия)
- “ Согушка барган чал” (интермедия)
- “ Отчёт” (интермедия)
- “ Аялыма баш ийип калыптырмын” (монолог)
- “ Катеин” (монолог)
- “ Дежур чал” ( интермедия)
- “ Салиманын куйругу” ( интермедия)
- “ Аялым опозиция” (монолог)
- “ Классташ аким” ( интермедия)
- “ Нянёк менен Канёк” ( интермедия)
- “ Алмабак” ( интермедия)
- “ Өнөр периштеси” ( монолог)
Обондору.
- “Унуттуңбу” сөзү: Т. Кожомбердиевдики.
- “Таарынычың качан жазылат?” сөзү: өзүнүкү.
- “Үйлөнсөк экен” сөзү: өзүнүкү.
- “Сапарлашыма” сөзү: өзүнүкү.
- “Энекеме” сөзү: өзүнүкү.
- “Бакыт дайрасы” сөзү: Т. Актановдуку.
- “Жеңе” сөзү: өзүнүкү.
- “Алтын апакем” сөзү: өзүнүкү.
- “Туулган жерим” сөзү: өзүнүкү.
- “Атакем” сөзү: өзүнүкү.
- “Балажаным” сөзү: өзүнүкү.
- “Суранам” сөзү: өзүнүкү.
- “Жайлоо таңы” сөзү: өзүнүкү.
- “Жалжалымсың” сөзү: Ж. Садыковдуку.
- “Өзөң дей беремин” сөзү: Ж. Садыковдуку.
- “Неге таарындың?” сөзү: Ж. Садыковдуку.
- “Тагдырга бир таарыныч” сөзү: А. Дөөлөтказиеваныкы.
- “Тагдырдан бир сураныч” сөзү: өзүнүкү.
- “Кыздын ыры” сөзү: өзүнүкү.
- “Кыздын сыры” сөзү: өзүнүкү.
- “Кечир мени” сөзү: өзүнүкү
- “Келчи келсең болбойбу” сөзү: өзүнүкү.
- “Көңүлдүү кеч” сөзү: Т. Актановдуку.
- “Күтүү” сөзү: өзүнүкү.
- “Кайда жүрдүң мурдатан” сөзү: өзүнүкү.
- “Ынагым” сөзү: өзүнүкү.
- “Сүйүү вальсы” сөзү: өзүнүкү.
- “Сары оору болдум сен менен” сөзү: өзүнүкү.
- “Палчандар” сөзү: өзүнүкү.
- “Бишкегим сүйгөн борборум” сөзү: Б. Сарногоевдики.
- “Досторго” сөзү: өзүнүкү.
- “Агаларым” сөзү: өзүнүкү.
- “Өмүр” сөзү: өзүнүкү.
- “Милициялар маршы” сөзү: өзүнүкү.
- “Кел замандаш ырдайлы” сөзү: өзүнүкү.
- “Айрылбас болсо сүйүүлөр” сөзү: өзүнүкү.
- “Кемпириме кошомат” сөзү: өзүнүкү.
- “Кудаларым асылдар” сөзү: өзүнүкү.
Музыкасын жазган спектаклдер.
- М. Тойбаевдин “Талаа гүлдөрү” спектаклине.
- Б. Сейдакматовдун “Сапарлашым менин” спектаклине.
- Т. Актановдун “Айлымдын апендилери” спектаклине.
- К. Мырзалиевдин “Алдар көсөө” спектаклине.
Койгон спектаклдер.
- К. Мырзалиевдин “Алдар көсөө” музыкалуу комедиясы.
- К. Мамбетакуновдун “Боз бойдок” музыкалуу комедиясы.
Этаптык ролдор.
Т. Абдумомуновдун “Борбаштын досу Камгакбай”комедиясынан Уйчу-Мамырдын ролу. Ушул ролу менен театр журтчулугуна да, кыргыз элине да, танылды десек болот. 1983-жылы жаңы коюлганда борбордон барган спектакль кабыл алчу театроведдер үчүн жаңылык болуп, кубангандарын жашырышкан эмес. Ошол жылы театрлар күнүнө карата Кыргыз Театрлар Коому тарабынан “Жылдын мыкты актёру” денген акчалай жана диплому менен сыйланган. 1984-жылы Борборубузда өткөн Нарын театрынын декадасында ушул ролу көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып күлкүгө бөлөгөн. Театр ишмерлер арасында түгөнбөгөн талкууларды жараткан. Бул спектакль өз аты “Борбаш”болгон. Илгээри борбордогу Кыргыз драма театрында коюлган. Жетимишинчи жылдары Жалал-Абад театрында коюлуп, Борбаштын ролун СССРдин эл артисти К. Медетбеков, Камгакбайдын ролун Республиеанын эл артисти Б. Алиев ойногон экен. Борбаш менен Камгакбай спектаклдин негизки каармандары болгондуктан Мамыр дайыма экинчи планда калып, аны ким ойногон, кандай ойногон, театр ишмерлери ал жөнүндө көп деле жазышпаган. Ал эми 1983-жылы, Б. Алиевдин 50-жылдык юбилейине каракта ошол спектакль ошол эле эл артистер менен коюлду. Бул жолу “Борбаштын досу Камгакбай” деген ат менен өзгөртүп, режиссёр Камгакбайга басым жазаган. Бирок сахнага аз чыкса да, экөөнөн өткөрө, элдин эсинде калтыра ойноп, көргөндөр:“ Спектаклдин атын биротоло эле Мамыр койсоңор болмок экен”- дешти. А түгүл ошол декадада наам бере турган болушуп, кайра жаш экен деп коюшкан. Автор өзү келип ыраазычылыгын билдирип: “Жап-жаш эле бала турбайсыңбы”-деп, ырахматын айтып, куттуктаган эле.
В. Виткович менен А. Солвёвдун “Кожо Насреддин” комедиясында:Бир көзү сокур, бир буту чолок, бүкүр, сараң, жаш кызга үйлөнмөкчү болгон- Сүткор-Жафардын ролун эң жакшы аткарып, эмдигиче элдин эсинде калтырганы маалым.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү