Жумалиева Жумагүл
Туулган күнү: 1 января 1959
Туулган жери: Чүй областынын Сокулук районундагы Арал айылында туулган.
Өмүр баяны
Кыргыз Республикасынын эл артисти
Б.Кыдыкеева, Т. Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты
Жумалиева Жумагүл 1959-жылы Чүй областынын Сокулук районундагы Арал айылында туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин, 1978-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институтуна өтөт. 1983-жылы институтту аяктагандан кийин эмгек жолун кайрадан уюшулган К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык драма театрында артист болуп иштөөдөн баштаган.
1983-1992-ж.ж. ал бул областтык театрда иштеген.
1992-2000-ж.ж. Бишкек шаарындагы жаш көрүүчүлөр театрында (ТЮЗ) эмгектенген.
2000-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында эмгектенет.
1997-ж. Т.Турсунбаева атындагы сыйлыкка, 1998-ж. Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.
1999-ж. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.
2000-ж. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына татыктуу болгон.
25 жылдан ашуун мезгилде таланттуу, келечеги кең актриса Ж.Жумалиева сахнада түрдүү амплуадагы сезимтал, күчтүү, жаркын образдарды жаратып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Республиканын театрларында ойногон төмөнкү мыкты ролдору менен театр өнөрүнө өз салымын кошту:
Н.Гоголь «Үйлөнүү» -Агафңя Тихоновна
Бомарше «Женитьба Фигаро» -Сюзанна
Кондратңев «Отпуск поражению» -Канаева
«Добрый человек из Сизуха» -Мидзю
К.ЖАнтошев атындагы Ысык-Көл областтык драма театры
1984-ж. М.Тойбаев «Жаңы келин» -Гүлгаакы
1986-ж. Н.Гоголң «Текшерүүчү» («Ревизор») -Анна Андреевна
М.Гапаров «Темир кашаа» («Железный забор») –Айпери
К.Жантошев «Курманбек» -Гүлай
1987-ж. Б.Үсөнкулов «Күкүктүн үнү» («Голос кукушки») –Нази
М.Назаралиев «Жаңы үйгө кирүү» («Новоселье») –Майрам
1988-ж. А.Аксы «Ушундай, аке» («Вот так, дядя») –Зукеш
Жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ)
1992-ж. С.Раев «О, кыздар» («О, девы») –Жаркынай
1994-ж. Пашков «Токойдогу окуя» («Случай в лесу») –
1995-ж. «Темир жол» («Железная дорога») –
1996-ж. Б.Алиев «Адам азыткысы адам» -Шарапат
1997-ж. «Эне» («Матң») –Эне
1998-ж. Ч.Айтматов «Найман эне» -Найман эне
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры
У.Шекспир «Король Лир» -Гонерилңя
Ж.Садыков «Ормон хан» Ажонун аялы
М.Булгаков «Зойканын квартирасы» -Зоя Пельц
Т.Абдумомунов «Алдар Көсөө» -Сейдене
Ж.Садыков “Манастын уулу Семетей” - Чыйырды
Н.Гоголь “Үйлөнүү” – Фекла
Н.Коляда “Шанель айым” - Калима Пазыловна
Ч.Айтматов “Кылым карытар бир күн” – Найман эне
Ж.Садыков “Төлгө”- Чыйырды
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү