Кыдырмаев Шайымбек

Кыдырмаев Шайымбек

КР эл артисти

Туулган күнү: 1 января 1947

Туулган жери: Ысык-Көл областынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган.

Өмүр баяны

Кыдырмаев Шайымбек, КР эл артисти

1947-ж. Ысык-Көл областынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. 11-классты Балыкчы шаарында Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепти бүтүргөн.

1967-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы ГИТИСке өтүп, 1972-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Ошто кыргыз драма театрын атып, 1972-жылдан 1998-жылга чейин Ош кыргыз драма театрында иштеген.

1978-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган. 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардак наам ыйгарылган.

2024-жылы \"Кыргыз Республикасынын эл артисти\" ардактуу наамы менен сыйланган.

 

Ойногон ролдору:

Т.Абдумомунов «Алдар Көсөө» -Алдар

Ж.Садыков «Толубай сынчы» -Толубай

Т.Шамшиев «Багынбаган акын» -Токтогул

М.Гапаров «Өлгүм келет, спонсор керек» -Жазуучу

Б.Жакиев «Саадак какты» -Жаналгыч

В.Шекспир «Гамлет» -Полоний

М.Ауэзов «Кара көз» -Дулат

«Эзоп» -Ксанф

1998-жылдан баштап Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында иштеп келе жатат.

С.Алтымышов «Таң булбулу» -Арзымат

Р.Оторбаев «Тагдыр» -Наркоман чал

Т.Касымбеков, К.Сактанов «Курманжан датка» -Ырчы

Б.Жакиев «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» -Чал

С.Алтымышов “Таң булбулу” – Арзымат

У.Шекспир “Гамлет” – Палоний

Т.Актанов “Жан азык” – Дил азык

Ш.Садыбакасов “Акбозат” – Думана

М.Байжиев “Алтынчы күнү кечинде” – Күрүчбек

Брехт “Өлөрман эне” -  Полковник

К.Иманалиев “Керээз” – Хан жантай 

Ж. Садыков \"Төлгө\" - Жакып хан

М. Горький \"Түпкүрдө\" - Барон

Ч.Айтматов атындагы орус улуттук драма театрында ойногон ролдору:

Лермантов “Демон” – Гудель

Талас театрынын ачылышына карата чакыруу менен «Арыба ак кеме» спектаклинде –Момун чалдын ролун ойногон.

Кинодогу ролдору:

«Сыпайчы» кыска метражду филңм -Инженер -реж.Т.Раззаков

«Апамдын махабаты» -Койчу -реж.Мамбетов

«Исаев» Мосфильм -Японец сыщик -реж.В.Ребзяк

С.Урсуляк  “Исаев” – Тынчы

Н.Мендебаиров “Достор” – Атасы

“Кокуй кошуна” – Атасы

“Жиндиканадан качкандар” – Директор

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Кыдырмаев Шайымбек — фото 1
Кыдырмаев Шайымбек — фото 2
Кыдырмаев Шайымбек — фото 3
Кыдырмаев Шайымбек — фото 4