Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
Осмонова Айсалкын Азизовна 1959-жылы 4-февралда Чүй облусунун Сокулук районунун Түз айылында туулган. 1976-1979-ж.ж. КУАДТнын театралдык студиясында окуган. 1976-1989-ж.ж. звукооператор, режиссердун жардамчысы болуп иштеген. 1989-жылдан баштап КУАДТда артист болуп эмгектенет. 1989-1991-ж.ж. Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы ТТХИ окуган. 1991-1994-ж.ж. Б.Бейшеналиева атындагы КМИИ бүтүргөн. 2005-ж. Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты. 2022-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алды.
Ролдору:
У.Шекспир «Ромео менен Джульетта» -Бакан аял
О.Уайльд «Саломея» -Рабыня
Т.Уильямс «Эьсөө трамвайы» -Юнис
Т.Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» -Кекелей
Ж.Садыков «Сейтек» -Карачач
Ж.Садыков «Ормон хан» -Уулбала
Ж.Садыков «Өмүр жана өкүнүч» -Келин
Б.Жакиев «Атанын тагдыры» -Зуура, Майраш
Б.Жакиев «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» -Келин
Т.Абдумомунов «Жоробайдын жоруктары» -Рапия
М.Булгаков «Зойканын квартирасы» -Мадам Иванова
С.Ахмад «Келиндер козголоңу» -Мехри
А.Касенов «Алда жаш жубайлар» -Газиза
С.Раев «Барсбек» -Нура бийке
Б.Өмүралиев «Тагдырдын өгөй балдары» -Толик
Р.Шүкүрбеков «Жапалак» -Бурулкан
А.Аксы «Махабат жана өлүм» -Акбала
М.Гапаров «Туздуу чөл» -Рабия
М.Тойбаев «Жөн эле Майраш» -Сайракан
М.Тойбаев «Эрте өчкөн жылдыз» -Рева Касымовна
Ж.Кулманбетов «Кагылайын Манасым» -Колукту
Ж.Өзүбекова «Толгоо» -Аязкан
М.Токтобаев «Көл жээгиндеги үй» -Аида
Ж.Кулманбетов «Кош жылдыз» -Вера Ивановна
С.Ахмад «Темир аял» -Шарапат
Ж.Оторбаев «Абай сот» -Калия
Ян Теттер «Дубал» -Эне
Б.Жакиев «Жолугушуу» -Келин
Р.Оторбаев «Тагдыр» -Эне
С.Ахмад «Күйөө бала» -Кумри
Н.Коляда “Шанель айым” – Назима Асековна
К.Иманалиев “Керээз” — Алмакан
Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” – жер эне
Телепостановка:
З.Сооронбаева «Чоочун киши» -Батма
Стратиев «Автобус» -Кыз
Телесериал
Ж.Өзүбекова «Чиркин өмүр» -Сайкал