Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын репертуары жаңы спектакль менен толукталды.
2023-жылдын 20-22-31-мартында Ж.Садыковдун калемине таандык Арнис Кыдырмышев сахналаштарган «Эр Төштүк» спектаклинин премьерасы болуп өттү.
Түрк тилдүү элдердин арасында кеңири таанымал болгон “Эр Төштүк” кенже эпосунун негизинде жаңыча көз карашта трактовкаланган комедиялык фантазиялуу спектакль бүгүнкү турмушубуздагы оош-кыйыш көрүнүштөрдү көрсөтүү менен жаш муунду азгырыктардан, бузукулуктан коргоо максатын көздөйт.
Жомоктун башкы каарманы Эр Төштүктүн образы баатырдыкка, жоомарттыкка үндөсө, Маамыттар чыныгы дос болууну үйрөтүп, Жез кемпирдин образы адам адам болгону аны коштоп жүргөн көп жүздүүлүктү баяндап берет.
Сүрөтчү -коюучу – Руслан Жунусалиев
Костюм боюнча сүрөтчү – Назира Кулболдиева
Балетмейстер – Имаш Нарбай уулу
Режиссердун ассистенти – Өмүрбек Израилов
Режиссердун жардамчысы – Алтынай Кыдыршаева