Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын репертуары Т.Актанов «Тагай бий» тарыхый спектакли менен толукталды. Кара-кыргыз автономиялуу облсунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын колдоосу менен коюлган спектакль 2024-жылдын 27-28-февраль күндөрү көрүүчүлөргө тартууланды.
15-кылымда кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирип, Моголстан баскынчыларына каршы баштап чыккан Тагай Бий Мухаммед кыргыз Кыргыз мамлекетинин башатында турган инсандардын бири болгон. Тагай бийдин тушунда кыргыз элиндеги оң канат, сол канат жана ичкилик этно-саясий бирикмеси калыптанган. Спектаклде Тагай бийдин өмүрү, пенде катары өктөөсү, өз элин сүйгөн чыныгы мекенчил атуулдугу даңазаланып, элинин эркиндиги үчүн башын сайган, азаттыкка жеткире албай армандаган тагдыры баяндалат.
Режиссер – Назым Мендебаиров, КР эмгек сиңирген артисти
Композитор — Нурлан Нышанов, КР эл артисти
Сүрөтчү-коюучу – Садыр Ниязакунов
Балетмейстер – Евгений Прокопенко
Костюм боюнча сүрөтчү –Назира Кулболдиева, Мария Аблакова
Режиссердун ассистенти – Данияр Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Режиссердун жардамчысы – Эльвира Жумалиева
Каармандар жана аткаруучулар:
Көпчүлүк сахнада: Мээрим Касаболотова, Венера Нурболотова, Жанара Борисова, Аанара Таалайбек кызы, Алтынай Мелисбекова, Нурзат Болотбекова.
Театрдын директору – Асылбек Өзүбеков, КР эл артисти
Театрдын Көркөм жетекчиси – Назым Мендебаиров, КР эмгек сиңирген артисти