Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
2023-жылдын 25-30-сентярбрь күндөрү СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган “IX Эл аралык ART-ORDO – 2023” театр фестивалы болуп өттү. Фестивалга КМШ мамлекеттеринен бир топ театрлардын чыгармачыл жамааттары келип катышты.
Аталган фестивалга Кыргыз театрларынын флагманы болгон Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Ж.Садыковдун калемине таандык режиссёр, КР эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров сахналаштырган “ТӨЛГӨ” спектакли менен катышты.
Спектакль “ЭПИКАЛЫК МУРАСТЫ ЭҢ МЫКТЫ САХНАЛАШТЫРУУ” номинациясы (100.000сом)акчалай сыйлыгы менен, “Эң мыкты сценография” (50.000 сом) акчалай сыйлыгы жана аталган спектаклдеги Каныкейдин образын эң мыкты аткаргандыгы үчүн КР эл артисти Калича Сейдалиева “Аялзатынын эң мыкты образы үчүн” номинациясы жана (60.000сом) акчалай сыйлыгы менен сыйланды.