Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу
Т.АБДУМОМУНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
Т.Абдумомунов атындагы КУАДТ
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Даңазалуу актриса Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Төкөлдөш айылында (учурда Бишкек шаары) туулган. Орто мектепти 7-класска чейин окуп, окуусун 1936-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театрында (учурда Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жаш көрүүчүлөр мимлекеттик театры) уланткан. Актрисанын атасы анын театралдык окуусуна каршы болгондугуна байланыштуу, ал 14 жашында театрды таштоого мажбур болот. Театрга келип, кетүүгө арыз жазаар күнү, театрдын режиссеру А.Самарин-Волжский Кыдыкееванын эмне жумуш келгенин ойго албай, Лопе де Веганын «Овечий источник»спектаклинин башкы каарманы Лауренсиянын ролун берет. Актриса арыз жазуу үчүн келгенин айта албай ролдон баш тартпай аны алат. Атасынын каарынан коркуп, бир нече күн үйүнө келген эмес. Спектакльдын үчүнчү күнүндө Бакен Кыдыкеева үйүнө келгенде, эшик алдында гезит окуп жаткан атасын көрөт. Атасы Бакен Кыдыкееванын жанына басып келип — «Бакен, бул жерде жазылып жүрөт: Бакен Кыдыкеева «Овечий источник» спектаклында башкы каармандын ролун мыкты аткарды» — деп, бул сенсинби?» Бакен Кыдыкеева корккондугунан башын ийкегенде, атасы чекесинен сүйүп, анын эң биринчи күйөрманы болуп калат.
1941-1944-жылдары Пржевальск жана Нарын шаарынын областтык театрларынын актрисасы, 1944-жылдан баштап Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы болуп эмгектенет. Бакен Кыдыкеева нукура таланты менен кыргыз сахнасын багынтып, кино жаатында да ролдорду аткарган. Анын чыгармачылык биографиясында жүздөн ашык театр жана кино ролдору бар. Аны «алгачкы» деп аташкан, анткени Бакен Кыдыкеева алгачкылардан болуп У.Шекспирдин чыгармаларындагы айымдардын ролдорун жана башка дүйнөлүк пьесалардын авторлорунун чыгармаларын биринчилерден болуп кыргыз сахнасына алып чыккан. Ал биринчилерден болуп, алгачкы улуттук толук метраждуу «Салтанат» деп аталган кинотасмасында баш каармандын ролун аткарган.Ч.Айтматовдун алгачкы «Бетме-бет» спекталинде биринчилерден болуп Сейденин ролун аткарган. Бакен Кыдыкеева бир гана Кыргызстанда эмес, аны кошуна өзбек, казак киностудиялары байма-бай чакырып турушкан. Кыргыз ССР кинематографистер Бирикмесинин мүчөсү. Расмий документтер боюнча, Бакен Кыдыкеева 1994-жылдын 15-январында көз жумган.
Сыйлыктары жана наамдары
Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти (1947)
Кыргыз ССРнин эл артисти (1956)
СССР эл артисти (1970)
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгы (1970)
Бүткүлсоюздук кинофестивалынын «Актердук жумушу үчүн байге» номинациясынын лауреаты, 1977-жыл)
Ленин Ордени, Медалдар.